Абибилла ажы Кадырбердиев Ош облусунан баруучу ажы башчыларга жыйын өткөрдү

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев Ош облусунан ажыларды жетектеп баруучу ажы башчыларга жыйын өткөрүп, бир канча тапшырмаларды берди.

«Ажылык – бул машакат. Ошол себептен болочок ажыларга сабактарды уюштуруп, тиешелүү эрежелерди сактоодо сабырдуу болууларын жана ажылык учурундагы ар бир амалды кеңири түшүндүрүп бериңиздер. Ошондой эле, жергиликтүү операторлор менен тыгыз иштешип, ажылардын тиешелүү документтерин толуктоо жана иретке келтирүү боюнча кайдыгер болбоңуздар», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Айта кетсек, Ош облусунан 32 ажы башчы тандалып алынып, учурда ажы башчылар райондорго бөлүнүп, өздөрүнө бөлүнгөн группадагы ажылар менен байланышуу процесси жүрүп жатат. Буйруса жакынкы күндөрдө алгачкы сабактар өтүлө баштайт.