Урматтуу Ноорузбай ажы Таган уулу!
Сизди Казакстан мусулмандарынын Х Курултайында Баш муфтий болуп кайрадан шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Сиздин улук кызматтарыңыз жана ислам дүйнөсүнө болгон берилгендигиңиздин жогорку баасы деп эсептейм. Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын 35 жылдык мааракесинде аткарылчу иш-чараларында чоң ийгиликтерди жаратып, казак элине жана бүтүндөй мусулман коомуна кызмат кылып, өнүгүүгө багытталган эмгегиңиздин жемишин көрүп жатабыз.
Казакстан жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыктарынын ортосундагы кызматташтык мындан ары да тереңдеп, эки элдин ынтымагы чыңдалып, достугубуз арта берсин. Элдерибиздин руханий өнүгүүсүнө салым кошуу аркылуу, биз болочок муундарга тарыхта эскерилүүчү терең байланышты жана биримдикти калтырып кетебиз.
Алдыга койгон максаттарыңызга жетип, Казакстандагы исламдын руханий өсүшүнө зор салым кошуп, ниеттериңизди Жараткан Алла Таала орундатсын. Алла Таала сизге күч-кубат, жардам берип, бардык аруу ниет, максаттарыңызды ийгиликтүү кылсын. Оомийн.
Абдулазиз кары Закиров
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи