Нарын облусунун мусалмандарынын казысы Эрик Молдокулов 2024-жылы облус аймагында жүргүзүлгөн иш-чаралар тууралуу баш имам-хатибдердин отчётторун укту.
Жыйынга жалпы казыяттын кызматкерлери жана баш имам-хатибдер катышты. Алгач облус казысы жалпы катышуучуларга ыраазычылык сөзүн айтты:
“Алгач сиздерге ыраазычылык. Сиздердин иш билгиңиздердин аркасында быйыл Нарын казыяты “мыкты казыяты” деп табылды. Албетте, бул сыйлык жалпыбыздын эмгегибиз. Сиздер динибиздин асыл баалулуктарын жайылтууда канча жылдан бери талыкпай эмгектенип келе жатасыздар. Кудайым буюрса бул эмгек Алладан кайтат. Ошентсе да биз ар бир ишке дыкаттык менен көңүл буруп, мындан ары да талыкпай эмгектене берели”, – деди облус казысы.
Андан соң ар бир имам-хатибдин бир жыл ичинде аткарылган иштери боюнча баяндамасына көңүл бурулду. Айрым маалыматтарга токтолуп, суроолор берилип, толуктоолорду киргизүү менен эскертүүлөр берилди.
Мындан тышкары 2025-жылдын алгачкы айында кайрадан жыйын болуп, жыйында бир жыл ичинде аткарыла турчу иш пландарды кеңешүү менен бекитүү мерчемделди.
Жыйын соңунда баш имам-хатибдерге ыраазычылык айтуу менен, казыяттын өсүп-өнүгүшүнө салым кошкондуктары үчүн Алкыш баракчалары тапшырылды.