Баткен облусундагы Лейлек районунун Кулунду айылында медреселер арасында спорттук мелдеш болуп өттү. Иш-чарага райондогу бир нече медресенин командалары катышып, волейбол, кол күрөш жана аркан тартыш боюнча күч сынашты.
Мелдештин жыйынтыгында төмөнкү командалар жеңүүчү деп табылды:
- «Мухаммед» атындагы медресе – 1-орун;
- «Таир» медресеси – 2-орун;
- «Абдулло ибн Аббас» ислам институту – 3-орун.
Жеңүүчү командаларга грамоталар тапшырылып, келген конокторго сый-тамак уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында медресе устаздары студенттерге Пайгамбарыбыздын (с.а.в.): «Алсыз момундан күчтүү момун артык» деген хадисин мисал келтирип, ден соолукту чыңдап, билимдүү жана ата-энеге сыймык алып келүүчү уулдардан болууга чакырышты.
Бул мелдеш медреселер арасында ынтымакты бекемдөө жана сергек жашоону жайылтуу максатында өткөрүлдү.