Чүй облустук казыяты жыл жыйынтыгын чыгарды

Кечээ, 8-январь күнү Чүй облусунун мусулмандарынын казыяты 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарып, мыктыларды сыйланы. Ага ылайык, Жайыл, Чүй, Аламүдүн хатибияты «мыкты хатибият» аталып, баш имам-хатибдерине Ардак грамота жана акчалай сыйлык берилди. Ал эми калган район-шаарлардын баш имам-хатибдерине Ыраазычылык баракча ташырылды.

Облус казысы Абдил-Азиз  ажыЧыныбеков өз сөзүндө төмөнкүлөрдү билдирди:

«КМБДнын 2024-жыл жыйынтыгы боюнча Чүй облусунун мусулмандарынын казыяты «мыкты казыят» аталганы баарыбыздын ийгилигибиз, ынтымак, ишмердүүлүгүбүздүн үзүрү. Андыктан муну менен токтоп калбай, Аллах Тааланын динин жайылтууда көп иш-аракеттерди жасай берели. Чыныгы сыйлык бул Жараткандын ыраазычылыгын табууда. Өткөн жылдагы ката-кемчиликтерибизди оңдоп, сабак алалы. Район-шаарларда баш имам-хатибдерибиз мындан ары ишмердүүлүгүн жакшыртып, аймактарда Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в), андан кийин сахабалардан келген ислам динин жайылтууга Аллах Таала күч-кубат берсин».