Диний окуу жайлар 2024-2025-окуу жылынын I жарым жылдыгына карата отчёт тапшырууда

Бүгүн, 10-январь күнү КМДБнын конференция залында Бишкек шаарындагы ДОЖдор 2024-2025-окуу жылынын I жарым жылдыгына карата ишмердүүлүктөрү боюнча отчёт тапшырууда.

Отчетто диний билим берүү мекемелеринин жетекчилери программа; окутуучулар, студенттер жана бүтүрүүчүлөр боюнча маалымат; окуу жайдын ишмердүүлүгү; мамлекеттик тилди өркүндөтүү; спорттук иш-чаралар, ишембиликтер, кошумча кесиптик билим берүү, КМДБ, казыяттан берилген тапшырмалардын аткарылышы, иш кагаздарды жүгүртүү, жетишкендиктер жана кемчиликтер, муктаждыктар боюнча маалымат берип, сунуш-пикирлерин айтып жатышат.

«Азирети Муфтийдин тапшырмасына ылайык, диний окуу жайларыбыздын ишмердигинен кабар алуу, алар менен контактты жаңы деңгээлге көтөрүү, билим берүүнүн сапатын арттыруу жана көйгөйлөр болсо биргелешип чечүү максатында отчёт угуп жатабыз. Кудай буюрса, бул нерсе жакын аралыкта өз жемишин берет. Анткени баарыбыздын максатыбыз динге, элге, Мекенге кызмат кылуу», – деди Муфтияттын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаев.

Айта кетсек, Бишкек шаарындагы ДОЖдор 10-11-январда, Чүй облусу 13-14-15-январь, Талас облусу 16-январь, Ысык-Көл жана Нарын облустарында ДОЖдор 17-январь күнү отчётторун тапшырса, Баткен облусу 21-22-январь, Жалал-Абад облусу 22-23-24-январь, Ош шаары 25-,27-январь, ал эми Ош облусунун аймагындагы ДОЖдор 28-29-30-31-январь жана1-февраль күндөрү отчёт тапшырышат.