Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Кара-Балта шаарынын борбордук мечитинде эл менен жолугуп, бирдиктүү жума темасынын алкагында «Берешендик, кайрымдуулук жана жакшы амалдар» боюнча баян кылды.
Бул кутбада исламдын негизги баалуулуктары, адамдын жүрүм-туруму, жашоодогу жакшы иштердин мааниси жана акыреттеги сооптор тууралуу айтылды. Ошондой эле коомчулукту жакшылыкка чакырууга, адамдардын жүрөгүнө нур киргизүүгө жана ынтымакты бекемдөөгө чакырык жасалды:
«Куранда Аллах Таала айтат: «Силер жактырган нерселериңерден (кайрымдуулукка) сарптамайынча, соопко жетише албайсыңар» (Али Имран сүрөөсү, 92-аят). Ал эми хадисте Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) айткан: «Кимде-ким жесирлерге жана муктаждарга жардам берсе, ал Аллахтын жолундагы согушкердей же түндө намаз окуп, күндүз орозо кармаган адамдай болот» (Бухари, Муслим). Жогорудагы Куран жана хадисте айтылгандай, бул сыпаттар адамдын өмүрүн жарык кылып, акыретте бейишке жол ачат. Берешендикти жүрөгүбүзгө сиңирип, кайрымдуулукка умтулуп, жакшы амалдарды аткарууга ар бирибиз талыкпай аракет кылышыбыз керек. Аллах бардыгыбызды берешен, кайрымдуу жана жакшы амалдуу адамдардан кылсын!», – деди Абдил-Азиз ажы Чыныбеков өз баяндамасында.