Ош облусуна караштуу Алай районунун Мурдаш айылынын имамы Азизилла ажы Нурматовго айылдын демилгелүү тургундары «Toyota Raum» авто унаасы белек кылышты.
«Дамлабыз 27 жылдан бери айылыбызда имамдык кылып келет. Ал кишинин мээнети менен далай тургундар ислам акыйкатын таанып, намазга жыгылды. Имамыбыздын ата-бабалары да чоң молдо, аалым-олуялар болушкан. Бул киши да аталарынын жолун жолдоп, оор учурларда күн-түн дебей эл кызматында болуп келет. Балдарын да мыкты тарбиялап, баарын жогорку билимдүү кылган. Азизилла ажынын ат көтөргүс эмгегин баалап, аз болсо да кубантып коёлу деп, айыл элинин атынан «Toyota Raum» унаасын белек кылдык», – деп билдирди айыл активисти, жеке ишкер Бактыулан ажы Субанов.
Демилгечилердин бири Темирлан Нурпазыл уулунун айтымында, имамга автоунаа белек кылуу идеясын айдоочулар кызуу колдоп, акчалай каражат топтошкон.
Имам тууралуу айтсак, ал аталган айылдын «Ак Бата» жума мечитинде 1999-жылдан бери имам-хатибдик кызматты аркалап келет. Ошондой эле «Жибек Жолу» айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы.