2025-жылдын 11-январында Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Тойчубек Ырысбай уулу менен жолугушту. Жолугушууга Узакбай уулу Ажы атындагы медресенин мүдүрү жана тазалык ишканасынын жетекчиси Азамат Шаршенбеков да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Узакбай уулу Ажы атындагы медресеге участок жер бөлүп берүү маселеси каралды. Макулдашуунун негизинде бөлүнгөн жер медресенин студенттери үчүн спорт аянтчасын курууга пайдаланылмакчы. Бул демилге жаштардын дене тарбиясын өнүктүрүүгө жана алардын ден соолугун чыңдоого багытталды.
Ошондой эле Тазалык ишканасынын жетекчиси Азамат Шаршенбеков менен биргеликте айыл ичин тазалоо боюнча пландар талкууланды. Макулдашууга ылайык, мечиттин жамааты жана медресе студенттеринин катышуусу менен тазалык иштерин уюштуруу пландалды. Бул демилге айылдын экологиясын жакшыртууга жана жашоочуларды таза жашоого үндөөгө багытталган.
Бул жолугушуу айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга жана медресенин инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп калды.