Араван борбордук мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жаңы килем салынды

Ош облусуна караштуу Араван районунун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратов райондун борбордук мечитинин ичи оңдоп-түзөөдөн өтүп, 35 миң долларга жаңы килем салынганын билдирди.

«Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиевдин тапшырмасы менен облус аймагындагы мечиттердин абалын жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Анын катарында жергиликтүү элдин колдоосу менен борбордук мечитибиздин ичи оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңы килем салынды. Ошондой эле, кыш мезгилинде мечитибиз суук болгондуктан, оңдоо иштери менен биргеликте жылуулук системасы орнотулду», – деди баш имам-хатиб Умарали ажы Муратов.

Ошондой эле, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев 10-январь күнү Араван районунун борбордук мечитинде жума баянын жасап, элдин берешендиги менен мечит оңдолгондугун баса белгилеп, кайрымдуу элге ыраазычылык билдирген.

Айта кетсек, Араван районунун борбордук мечитинин сыйымдуулугу 2000 адамга ылайык.