КҮНӨӨНҮН ШЫПАСЫ – ИСТИГФАР

 

بِسْمِ اللَّـهِ الرَّحْمَـٰنِ الرَّحِيمِ

Абу Зар (Аллах андан ыраазы болсун!) айтат:

«إن لكل داء دواءٌ، وإن دواءَ الذنوب الاستغفار»

 «Ар бир оорунун шыпасы болгондой эле, күнөөнүн да шыпасы бар, ал –истигфар» (Дийламий, 5/336).

Акыйкатта, Аллах Таала пенделерине кайсыл гана бир ооруну жөнөтпөсүн, анын сөзсүз шыпасын да жөнөткөн. Оору бир гана денеге зыян берген нерселер менен гана чектелбейт. Динибизде инсан кылмыш кылып, жан дүйнөсүнө зулумдук кылуусу дагы күнөө жана оору болуп саналат. Эгерде пенде жасаган күнөөсү үчүн Жаратуучусун астында өкүнүп, Андан кечирим сураган болсо, пендеси Жараткан Аллахты кечирим үстүндө гана табат. Пенде Аллах Тааладан бир гана күнөө жасаган учурда эмес, ар бир демде кечирим суроосу дагы ибадат болуп саналат. Истигфар айтуу үчүн пенде сөзсүз күнөө жасоосу дагы зарыл эмес. Жадагалса Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ﷺ күнөөлөрү кечирилген болсо да минтип айткан:

«وَاللَّهِ إِنِّي لاَسْتَغْفِرُ اللَّهَ وَأَتُوبُ إِلَيْهِ فِي الْيَوْمِ أَكْثَرَ مِنْ سَبْعِينَ مَرَّةً»

«Жаратканга ант! Мен Аллахка күнүнө жетимиш ирет жана андан да көбүрөк истигфар айтып тообо кыламын» (Бухарий, 6307).

Истигфар – бул Аллах Тааладан жасаган ката-күнөөлөр үчүн кечирим суроо.

Истигфар – бул Аллах Таалага баш ийүү.

Истигфар – бул күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болгон нерсе.

Аллах Таала айткан:

فَقُلۡتُ ٱسۡتَغۡفِرُواْ رَبَّكُمۡ إِنَّهُۥ كَانَ غَفَّارٗا

«Раббиӊерден кечирим сурагыла! Ал чынында Кечиримдүү!» (Нух сүрөсү, 9-аят).

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:

«طُوبَى لِمَنْ وَجَدَ فِي صَحِيفَتِهِ اسْتِغْفَارًا كَثِيرًا»

 «Бейиштеги (күлүк атты эс алдырбастан, токтоосуз жүз жыл чапса да, көлөкөсүнөн чыга албай турган) Туба бейиши болсун! Кимдин (Кыямат күнү) амал дептеринен истигфар көп табылса!» (Сахих Жаамиъ, 3930).

Ибну Катада айтат:

«إِنَّ هَذَا الْقُرْآنَ يَدُلُّكُمْ عَلَى دَائِكُمْ وَدَوَائِكُمْ ، فَأَمَّا دَاؤُكُمْ : فَالذُّنُوبُ ، وَأَمَّا دَوَاؤُكُمْ : فَالِاسْتِغْفَارُ «»

«(О, адамдар!) Акыйкатта Куран силердин ооруӊарга да, кантип шыпаа табууӊарга да жол көрсөтөт, ал эми силердин (чөӊ) ооруӊар бул күнөөлөрдү жасоо, ал эми күнөнүн дарысы – истигфар болот» (Байхаки, «Шуъбатул ийман», 6883).

Улуу аалымдар илимий изилдөөлөр үстүнө же бир маселенин туурасын чечүүдө кыйналган кездеринде истигфарды көп айтышчу экен.

Аалымдардын бири айтат:

«Аллахка ант, мага бир маселени түшүнүп-баамдооонун эшиги жабылып калган учурда Аллах Таалага миӊ мертебе (ирет) истигфар айтамын, ошону менен жабылып калган эшик мен үчүн ачылат».

Урматтуу бир-тууган! сиз да ишениӊиз, истигфар – бул биз күнөө кылып жаап алган эшиктерди ачылышына себеп болгон улуу ибадат болуп саналат.

Хасан Басрий (Аллах аны Өз ырайымына алсын!) айтат:
«Үйлөрдө, көчөлөрдө, базарда болсун, жыйналыштарда болсун, мейли дасторкондун үстүндө болсун, мечиттерде бардык-бардык жерде истигфарды айта бергин, айта бергин… Анткени сен Аллахтын кечирими сага качан жана кайсыл жерде келүүсүн билбейсиӊ го!»

    Аалым айтат:

«Күнөөсү көбөйүп кеткен кишинин истигфары тасбихинен көбүрөк болуусу зарыл».

Аалымдардын айтуусу боюнча истигфар айтуучулардын үч даражасы бар:

  1. Тил менен гана истигфар айтуучулар. Бул эӊ төмөнкү даражадагы истигфар айтуучулар, бирок ошентсе да пайдасы бар, унчукпастан жаман сөздөрдү айткандан көрө.
  2. Жүрөк менен истигфар айтуучулар. Алар жүрөгү менен кылган күнөөлөрү үчүн өкүнүп истигфар айтышат, ошол эле учурда тили менен жаман сөздөрдү айтышат.
  3. Жүрөгу жана тили менен истигфар айтуучулар. Бул шарият талап кылган, чыныгы истигфар айткан кишилер, дал ушул даражадагы истигфар айтуучулар истигфар үчүн убадаланган сооп-сыйлыктарга жетишет.

Жараткан баарыбызды көп истигфар айткан пенделеринин катарына кошсун! Өзү сүйгөн амалдарды жасоону жеӊил кылсын жана бизди ал сүйүктүү амалдарды кылууга жөндөмдүү кылсын!

Автор: Ислам Амиршаев, Бишкек шаардык казыятынын маалымат адиси.

Текшерген: Шакир ажы Маматов, Бишкек шаарынын казысы.