Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев казыяттын жыйын залында райондук баш имам-хатибдер менен бирге 2024-жылкы аткарылган иш чаралардын жыйынтыктары менен таанышып, жетишилген ийгиликтери менен кемчиликтерин эске алышты жана быйылкы 2025-жылга коюлган жылдык иш планды ишке ашырууда өзгөчө эмнелерге көңүл буруу керектигин белгилешти.
Ошондой эле облус казысы бир канча тапшырмаларды берди. Алсак;
Облус аймагындагы жогорку окуу жайлар жана орто билим берүү окуу мекемелер менен иш алып баруу;
Жаштар арасындагы ден соолукка зыян келтирүүчү ар кандай улуу заттардын зыяндуулугун түшүндүрүү жана суициддин алдын алуу;
Укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте иш алып баруу;
Облус аймагында Ханафи мазхабын жана Матуриди акыйдасын жайылтуу максатында семинарларды, тегерек үстөлдөрдү уюштуруу; ага активдүү катышуу;
Медреселер аралык ар кандай иш-чараларды уюштуруу;
Имамдардын окуу билимин жогорлатуу макасатында семинар, тренингдерди уюштуруу;
Мечиттерди КМДБнын электрондук базасына толук киргизүү.
Жыйындын соңунда облус казысы баш имам-хатибдердин динге кошкон салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.