Бүгүн, 15-январь күнү Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда КМДБнын мечиттер-курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Давранбек ажы Жунусалиев Нарын районунун имам-хатибдерине чогулуш өткөрдү.
Иш-чаранын негизги максаты – облус аймагындагы бардык мечиттердин жана имамдардын тиешелүү документтерин текшерүү, ошондой эле мечиттердин абалын иликтеп, көйгөйлөрдү аныктоо болду. Жолугушууда учурдагы документтердин тууралыгын жана алардын базага жүктөлүү деңгээлин талкуулашты.
Давранбек ажы Жунусалиев өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:
«Алдыдагы күндөрдө КМДБ тарабынан республика боюнча бардык мечиттердин документтери электрондук форматта түзүлүп, бирдиктүү базага жүктөлөт. Ошондой эле ар бир имамдын маалыматтары толук камсыздалат”.
Жолугушуу учурунда райондук имамдар өздөрүнүн көйгөйлөрүн ортого салып, имамдардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу, мечиттердин абалын жакшыртуу, айрым мечиттердин тиешелүү документтерин калыбына келтирүү боюнча маселелер көтөрүлдү.
Иш-чаранын соңунда Нарын облусундагы мечиттерди жана имамдарды бирдиктүү каттоого алуу процесси маанилүү кадам экени белгиленип, жалпы мечиттердин документтештирүү иштерин ыкчам жана так жүргүзүү боюнча сунуштар айтылды.