Түркия Дин иштери башкармалыгынын өкүлдөрү Муфтиятты зыярат кылышты

Бүгүн, 15-январь күнү Түркия мамлекетиндеги Анкара мусулмандарынын муфтий (баш имам-хатиби – ред.) орун басары Айнур Йашар жана Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгынын Ислам динин кабыл алгандар менен иштөө жана чет өлкөдөгү коомдук диний кызматтар бөлүмүнүн башчысы Севде Дүзгүнер Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгын зыярат кылды. Зыяратчыларды Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев кабыл алып, КМДБны тааныштырды.

«Урматтуу коноктор, биздин куттуу өлкөбүзгө куш келипсиздер. Боордош Түркиянын саламын кабыл алдык. Албетте, Түркия мамлекетинин Дин иштери башкармалыгынын мол диний тажрыйбасы биз үчүн кызыктуу. Өзгөчө ажылык учурунда диний билимдүү түрк аялдарынын кызматына күбө болгонбуз. Түркия шартында аялзатынын маанилүү диний кызматтарда эмгектенгени – жетишкендиги. Бирок биздин коом мындай көрүнүшкө даяр эмес десек болот. Анткени бизге казынын аял орун басары же «аял хатиб» деген түшүнүктөр жат», – деди Азирети Муфтийдин орун басары.

Жылуу маанайда уланган жолугушууда Асан ажы Сыргабаев Кыргызстандагы мусулмандарга, өзгөчө аялзатына да кызмат кылуу жолго коюлуп келе жатканын, буга чейин Муфтиятта аялдар бөлүмү болгонун, келечекте да ачуу каралып жатканын, о.э. аймактардагы казыяттарда да аялдар боюнча иш алып барган устазалар бар экенин кошумчалады.

Муфтияттар аралык кызматташууга жана тажрыйба алмашууга кызыктар экенин билдирген Айнур Йашар:

«Мындан 15-20 жыл мурда бизде да өөн учураган. Бирок учурдун шарттары, аялдардын диний билими жана өзгөчө абалдарындагы шарияттык маселелер боюнча диний билимдүү устазаларга зарылдык жаралып келген. Мына ошондуктан биздин диний башкармалыкка аялдарды тартуу муктаждыгы келип чыккан. Ошентип Түркия Диянетинде аялдар бөлүмү ачылган. Кийин аймактардагы диний мекемелерде да ишке кирген. Аялдар бөлүмүнүн башчысы өз кезегинде жетекчи орун басары да болуп, 4-5 орун басардын бири болуп калат. Албетте, бул деген «аял муфтий», «аял казы», «аял имам» дегенди туюндурбайт! Шариятыбызда аялзаты имамдыкка өтө албайт. Ал эми дин кызматы шарият чийинин негизинде гана жүргүзүлөт», – деди.

Жолугушууга КР ДИМК өкүлдөрү, АК мүчөсү Самаган Мырзаибраимов, «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров жана Муфтияттын эл аралык мамилелер боюнча жооптуу адиси Белек Жапаракун уулу катышты.