Хатибияттын демилгеси менен М.Разаков атындагы мектеп интернатынын окуучуларына сый-тамак уюштурулуп, кийим-кечелер таратылды

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райондук хатибиятынын демилгесин демөөрчүлөр колдоого алып, Өзгөн районундагы Марат Разаков атындагы мектеп интернатынын окуучуларына сый-тамак уюштурулуп, кышкы кийим-кечелер таратылды.

«Жылдын башын кайрымдуулук менен иш баштадык. Мектеп интернатынын окуучуларында тоголок жетим, атасы же энеси жоктор жана кароосуз балдар болгондуктан, алардан кабар алып, көңүлүн көтөрүү максатында сый-тамак уюштуруп, жылуу кийимдерди тараттык», – деди баш имам-хатибдин орун басары Темирлан Аскаров.

Аталган мектеп интернатында 185 окуучу болуп, аларга кой союп сый-тамак уюштуруу жана кышкы жылуу кийимдери үчүн 140 миң сом акча каражаты сарпталды.