Кечээ, 15-январь күнү Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын мечиттер-курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Дооронбек Зайнидин уулу Ысык-Көл облусунун жалпы баш имам-хатибдери менен жолугушуп, облус боюнча имамдардын жана мечиттердин маалыматтык базага кирүүсүн текшерди. Жолугушуу учурунда ар бир район жана шаардын баш имам-хатибдери менен иш алып барылып, имамдардын катталышы жана алардын ишмердүүлүгү талкууланды.
КМДБ өкүлү мечиттердин санариптик базага толук кириши имамдардын жана диний кызматкерлердин ишин жеңилдетип, алардын иш-аракеттерин жакшыртууга көмөк көрсөтөрүн белгиледи. Ал иш-чаралардын улантыларын айтып, имамдар менен тыгыз байланышта болуу зарылдыгын белгиледи.
Дооронбек Зайнидин уулу имамдар менен болгон жолугушууда дин кызматкерлеринин ар биринин иштерин так текшерүү, уюштуруучулук иштерин жандандыруу жана маалыматтык базага кирүү процесстерин жакшыртуу маанилүү экенин айтса, жергиликтүү дин кызматкерлери бул демилгени кызуу колдоп беришти.