Бүгүн, 16-декабрь күнү Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Жавад Авад Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгын зыярат кылды. Элчини Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев кабыл алды.
«Учурда ислам дүйнөсүнүн көңүлү Палестинада, өзгөчө Газа секторунда. Биз, Кыргызстан мусулмандары катары Газада болуп жаткан адамзаттык трагедияга абдан катуу кыжаалат болуп, дайыма мазлумдар үчүн дуба, заалымдар үчүн наалат айтып жаттык. Кудайга шүгүр, азыр Палестинада ок атышуу токтотулуп, тынчтык орной баштады деп угуп Аллага чексиз шүгүрлөрдү айтуудабыз. Палестинанын тынчтыгы, саламаттыгы, эркиндиги бардык мусулмандар үчүн маанилүү», – деди Азирети Муфтийдин орун басары.
Асан ажы өз сөзүндө Кыргызстан мамлекети ар убак Палестинага жан тартып келгенине, бул боюнча мамлекет башчысы өз позициясын так айтканына токтолуп, жер жүзүндө тынчтык болушуна тилектештигин билдирди.
Ал эми доктор Жавад Авад Палестина бардык мусулмандардын жүрөк оорусу экенин, мусулмандардын биринчи кыбыласы болгон кереметтүү Акса мечити Палестинанын аймагында жайгашканын, пайгамбарлар мекени болгон ал аймактын тынчтыгы жалпы үммөт үчүн зарылдыгын айтып буларга токтолду:
«Биз Кыргызстан калкын бир тууган эл деп билебиз. Анткени ыйман келтиргендер – бир туугандар. Сиздердин дайыма биз тарапта болуп, тынымсыз дуба кылып жатканыңыздардан кабарыбыз бар. Өзгөчө Кыргызстандын президенти урматтуу Садыр Жапаров 11-ноябрда Эр-Рияд шаарында өткөн Ислам Кызматташтык Уюмунун 8-кезексиз саммитинде сүйлөгөн сөзү жүрөгүбүздө».
Жолугушуу жылуу маанайда жыйынтыкталып, үммөттүн тынчтыгы жана биримдиги үчүн дуба кылынды.