Абибилла ажы Кадырбердиев облустагы райондук баш имам-хатибдерге жыйын өткөрдү

 

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев облустагы райондук баш имам-хатибдерге жыйын өткөрүп, 2025-жылга карата иш-чаралар планын талкуулады.

«Бул аткара турган иштерибизди пландап алсак деп жыйын өткөрүп жатабыз. Иш-планга жөн эле жаза бербестен, аткара ала турган иштерди жазып, талкуулап көрөлү. Өзүңүздөрдүн жеке идеяңыздар менен кандай иштерди аткарууну пландап жатасыздар. Бири-бириңиздер менен тажрыйба алмашып, ортодо мыкты иш-план түзүп чыгыңыздар», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Жыйындын жүрүшүндө казыят кызматкерлериндеги кадрдык өзгөрүүлөр боюнча айтылып, жаңы кызматка Рахмидинов Мухаммадсоли штаттык структурада казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси болуп дайындалганы айтылып, жамаатка тааныштырылды.