Бүгүн, 16-январь күнү Талас облусундагы «Чет тилдер» кыздар медресесинин окутуучулары Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына экскурсия уюштурушту. Зыяраттын жүрүшүндө КМДБ кызматкери Нурсултан Раимбердиев конокторго Муфтиятты тааныштырып, ар бир бөлүм боюнча маалымат берди. Аймактык окутуучулар диний башкармалык менен таанышып чыгып, КМДБнын ишмердүүлүгүнө жеринен күбө болушту жана өз ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгилик каалашты.
Айта кетсек, бүгүн Талас облусунун аймагында жайгашкан ДОЖдор жарым жылдык отчётторун беришти. Алардын катарында «Чет тилдер» кыздар медресеси да бар.