Ошто «Диний жамааттардагы аялдардын ролу: Кыргызстан менен Түркиянын тажрыйбасы» аттуу симпозиум уланууда

Бүгүн, 17-январь күнү Ош шаарындагы «Sun Rise» мейманканасынын жыйындар залында «Диний жамааттардагы аялдардын ролу: Кыргызстан менен Түркиянын тажрыйбасы» аталышында симпозиум өтүп жатат. Анда Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев сөзгө чыгып, симпозиумга катышып жаткан Түркия Республикасынын Анкара мусулмандарынын Муфтийинин (Баш имам-хатиб -ред.) орун басары Айнур Йашар айымга жана жергиликтүү лидер айымдарынын иштерине ийгилик каалады.

«Ар бир күчтүү эркектин артында аны колдоп турган аялы турат дегендей эле, «Вазир жакшы хан жакшы, аял жакшы эр жакшы» деп айтылып келет. Бул да болсо аялзатынын орду маанилүү экендигин көрсөтүп берет. Эки өлкө тажрыйба алмашуу менен бир топ жакшы натыйжаларга жетишет деп ишенебиз», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Аталган иш-чарага ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, КМДБнын үгүт-насаат, аялдар жана жаштар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Султан ажы Гапуров, Түркия мамлекетиндеги Анкара мусулмандарынын муфтий (баш имам-хатиби – ред.) орун басары Айнур Йашар жана Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгынын Ислам динин кабыл алгандар менен иштөө жана чет өлкөдөгү коомдук диний кызматтар бөлүмүнүн башчысы Севде Дүзгүнер, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери Абдималик ажы Турсунбеков, Сулайман ажы Шерматов, Алибек Акпарали уулу, «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы жана жергиликтүү активист айымдар катышты.

Эскерте кетсек, Түркия Республикасынан келген жумушчу топ эртең, 18-январь күнү Ош шаарындагы «Сулайман тоо» мечитинде жалпы айымдар менен жолугушуу өткөрөт.