Баткен казыятында диний объектилерди санариптештирүү боюнча жыйын өттү

Кечээ, 17-январь күнү Баткен казыятында КМДБнын мечиттер-курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Давран ажы Жунусалиевдин катышуусунда мечиттерди жана имамдарды бирдиктүү базага каттоо жана санариптештирүү процесси боюнча жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Баткен облусунун мусулмандарынын казыятынын кызматкерлери, шаар жана райондордун баш имам-хатибдери катышты.

Баткен казыятында өткөн жыйында санариптештирүү процессинин жардамы менен мечиттер тууралуу чогултулган маалыматтарды эффективдүү башкаруу жана көзөмөлдөө оңой болору айтылды. Ошону менен бирге муфтияттын жана казыяттын ишмердүүлүгүн жакшыртууга шарт түзүлөт.

КМДБ жетекчисинин жеке көзөмөлүндө уюштурулуп жаткан бул саамалыкта жер-жерлердеги мечиттердин документтери так болуп, диний кызматкерлердин иши санарип технологиялары аркылуу жакшырмакчы. О.э. өлкө боюнча мечит-намазканалардын онлайн картасы түзүлүп, жарандардын ибадат кылуусу жеңилдемекчи.