Баткен облусундагы Раззаков шаарында жайгашкан «Абу Ханифа» мечити жылытуу системасы менен толук камсыздалды. Бул саамалыкты жергиликтүү демөөрчүлөр жана мечиттин жамааты колго алышты. Жалпы суммасы 300 миң сомдун тегерегинде акча каражаты жумшалып, мечитке жылуук системасы орнотулду.
“Лейлек районунун Раззаков шаарындагы Абу Ханифа мечитинин жылытуу системасы менен камсыздалышы чоң жетишкендик жана ал жердеги жамаат үчүн абдан маанилүү. Кыш мезгилинде мечитте жылуулуктун жоктугу көптөгөн кыйынчылыктарды жаратып келген. Ал эми бул жылытуу системасынын орнотулушу жамаатка жана мечитте окуган балдарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берет”, – дейт мечит имамы Медетбек Орозалиев.
Мечиттин жамаатынын жана жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен мындай маанилүү иштин жүзөгө ашырылышы коомчулук үчүн үлгү боло аларын казыяттан билдиришти.
Айта кетсек, “Абу Ханифа” мечити Ас-Сафаа кайрымдуулук фондунун колдоосу менен курулуп, 2021-жылы пайдаланууга берилген.