Москва районунда «Фикхул Акбар» китебинен окуу курсу башталды

Бүгүн, 20-январь күнү Чүй облусунун Москва районундагы “Абу Бакр ас-Сыддык” мечитинде Имам Абу Ханифанын “Фикхул Акбар” китеби боюнча окуу курсу башталды. Бул иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулуп, Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунан 100дөн ашуун имамдар диний билимин өркүндөтмөкчү. Курстун негизги максаты – имамдардын акыйдалык илимин тереңдетүү жана алардын кесиптик квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.

Иш-чаранын ачылышында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Мирзат ажы Барпыбеков жана Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Мирзат ажы Барпыбеков өз сөзүндө “Фикхул Акбар” китеби ислам акыйдасы боюнча баа жеткис илимий булак экенине токтолуп, бул китепти үйрөнүү имамдардын ишмердүүлүгүнө зор пайда алып келерин белгиледи.

Ал эми Абдил-Азиз ажы Чыныбеков мындай окуу курстарынын маанисин баса белгилеп, имамдардын билими коомдогу тынчтыкты, сабырдуулукту жана биримдикти бекемдөөгө өбөлгө болорун, ошондой эле бул иш-чара имамдардын диний сабатын жогорулатып, алардын коомдогу ролун бекемдөөгө багытталган айтты.

Курс алкагында катышуучулар “Фикхул Акбар” китебиндеги негизги темаларды, анын ичинде Алла Тааланын сыпаттары, акыйда маселелери жана ибадат адептери боюнча сабак алышат. Окутуу учурунда диний кызматкерлер өздөрүнүн суроолоруна жооп алууга жана талкууларга катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Белгилей кетсек, бул иш-чара өткөн жылы Чүй облусунун башка район-шаарларындагы имамдарга уюштурулган.