Кечээ, 19-январда Баткен шаарында кыз-келиндер үчүн “Динимди үйрөнгүм келет” аттуу бир күндүк семинар уюштурулду. Семинарды Баткен райондук хатибияты менен биргеликте “Муаз ибни Жабал” мересесинин устазалары Кундуз Жалилова жана Гулнара Дыйканова өткөрүштү.
Иш-чарага 170 жаш кыз-келин катышты. Семинарда Баткен район жана шаар баш имам-хатиби Саидакмат ажы Аппазов пайгамбарыбыздын жашоосунан жаш үй-бүлөлөргө сабактар жана баяндарды айтып, исламдын негиздери боюнча кеңештерин берди. Ошондой эле аялзатынын исламдагы орду жана ролу тууралуу талкуулар болуп, маанилүү пикир алмашуулар жүрдү.
Иш-чарада жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен катышуучуларга атайын белектер жана ыймандашуу тамагы тартууланды. Семинар катышуучулары ислам динин тереңирээк үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышып, өз ара пикир алмашып, жаңы билим жана тажрыйбага ээ болушту.