Ысык-Көл облусунда «Коопсуздукту сактоо – баарыбыздын башкы милдетибиз» аттуу форум өттү

 

Ысык-Көл облусунун Түп районунда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жана Түп райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Коопсуздукту сактоо – баарыбыздын башкы милдетибиз» аттуу форум өттү. Форумга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы, милициянын полковниги Нурлан Килебаев, Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Түп районунун акиминин орун басары Руслан Сарымсаков, Түп районунун баш имам-хатиби жана милиция кызматкерлери катышты.

Форумдун жүрүшүндө адамдардын коопсуздугу жана коомдук тартип маселелери талкууланды. Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев өз сөзүндө агымдарга кирип кетүү коопсуздугу, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча баяндама жасап, бул маселелердин коомчулук үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле коомдук коопсуздукту сактоодо ар бир жарандын ролу чоң экендиги айтылды.

Форумда катышуучулардан суроолор жана сунуштар угулуп, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу жолдорун биргелешип талкуулоодо. Мындай иш-чаралар эл арасында түшүнүктү жана биримдикти бекемдөөгө салым кошмокчу.