Кайрымдуулук: Теплоключенка айылында 60 тонна көмүр таратылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында 60 тонна көмүр таратуу иш-чарасы өттү. Иш-чара Ысык-Көл казыяты тарабынан уюштурулуп, демөөрчүлөрдүн жардамы менен айыл тургундарына 60 тонна көмүр таркатылды. Кайрымдуулук саамалыгына Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев жана Ак-Суу районунун баш имам-хатиби Асантур ажы Абдрахманов катышты.

Самидин кары Атабаев өз сөзүндө айыл тургундарына жакшылык каалап, демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле демөөрчүлөрдүн көмөгү айылдын тургундары үчүн чоң жардам экенин белгилеп, айыл атынан демөөрчүлөргө батасын берди.

Бул иш-чара адамдардын жакшы жакка өзгөрүүсүнө, коомчулуктун биримдигин арттырууга багытталган маанилүү кадам болуп, кайрымдуулук иштеринин үлгүсүн көрсөттү.