Ош шаарынын казысынын орун басары А. Навои атындагы мектеп- лицейинин ата-энелерине лекция окуду

Кечээ, 22-январь күнү Ош шаардык мусулмандар казысынын орун басары  Мураталы ажы Мамадияр уулу Ош шаарындагы А. Навои атындагы мектеп-лицейинин жыйындар залында ата-энелерге «Бала тарбиясы» аталышында лекция окуду.

Иш-чарага А. Навои мектеп-лицейинин директору Жоомарт Акматов, мектеп  мугалимдери жана мектеп окуучуларынын ата-энелери катышты.

Саамалыкта Мураталы ажы Мамадияр уулу бала тарбиялоонун ислам дининде орду чоң экенин баса белгилеп, ата-энелер мектеп мугалимдери менен биргеликте тыгыз иш алып баруу зарылдыгына токтолду.

«Эч бир ата-эне баласына жакшы тарбиядан артык белек бере албайт. Бүгүнкү мээнет эртеңки келечек. Андыктан балдардын келечегине кайдыгер карабайлы», — деди шаар казысынын орун басары.