Умра кылууну пландагандарга: Сауд Арабиясы жаңы медициналык талаптарды киргизди

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маанилүү билдирүү!
2025-жылы умра зыяратын пландап жаткан жарандар үчүн Сауд Арабия Падышачылыгы жаңы медициналык-санитардык талаптарды киргизгендигин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.

Эң негизги талаптардын бири:
Бир жаштан жогорку бардык чет өлкөлүк зыяратчылар менингококк менингитине каршы эмдөөдөн өтүп, анын тастыктамасын (сертификатын) алышы керек.

Эмдөө боюнча талаптар:

  1. Вакцинация Сауд Арабиясына барардан кеминде 10 күн мурда жүргүзүлүшү зарыл.
  2. Эмдөө жарактуулугу вакцинанын түрүнө жараша акыркы 3 же 5 жыл ичинде болушу шарт.

Сиз эмне кылышыңыз керек?
Умра зыяратын пландаган жарандар Сауд Арабиянын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтына кирип, жаңы талаптар жана сунуштар менен кеңири таанышып чыгышы керек. Бул сиздин сапарыңызды ыңгайлуу жана коопсуз кылууга жардам берет.

Толук маалымат алуу үчүн шилтеме: 

https://www.moh.gov.sa/en/HealthAwareness/Pilgrims_Health/Documents/Health-Regulations-Umrah-EN.pdf