ЫКЛАСТУУЛУК

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ

Момундардын падышасы Абу Хафс Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) баяндаган хадисте мындай деп айтылат. «Мен Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деп айтканын уктум:

إنما الأعمال بالنيات، وإنما لكل امرئ ما نوى، فمن كانت هجرته إلى الله ورسوله فهجرته إلى الله ورسوله، ومن كانت هجرته لدنيا يصيبها أو امرأةٍ ينكحها فهجرته إلى ما هاجر إليه

“Амалдар(га сооп) ниетке жараша болот. Ар бир адамга ниет кылган нерсеси буйруйт. Кимдин хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болгон болсо, демек анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн. Ал эми кимдин хижраты дүнүйө үчүн болсо – ага жетет, же бир аялга үйлөнүү үчүн болсо – ага үйлөнөт. Ар кимдин хижраты өзү ниет кылган нерсеси үчүн”.

(Бухарий 1, Муслим 1007).

Баарыбызга маалым болгондой, Аллахтын Элчиси ﷺ динин сактоо максатында Меккеден Мадина шаарына хижрат (көчүү) кылган кезде, жогорудагы сөздөрүн көчүп жаткандарга айткан. Меккеден Мадина шаарына чейинки аралык ошол кезде төө менен үч-төрт күндүк убакытка созулар эле. Жайдын мээ кайнаткан аптабында, чөлдүн түнкү сөөккө жеткен суугунда сапар тарткан инсандардын кээ бирлери динин сактап калуу үчүн түйшүктүү сапарды басып өтүшкөн болсо, дагы башкалары Мадина шаарына барып, соодасын күчөтүп мал-дүнүйө топтоо жана аялдарга үйлөнүү болду. Мына ушул түйшүктүү сапарда кимдир бирөө Аллахтын ыраазылыгына жетти, кимдир бирөө арзыбаган дүнүйө жана аял үчүн Аллахтын ыраазылыгынан кол жууду. Мунун баары алардын жүрөгүндөгү ыклас-ниетке жараша болду. Демек, инсандын Аллах даргөйүндө ар бир амалы жүрөгүндөгү ниет-ыкласына жараша бааланат экен. Жадагалса оозубуздан чыккан ар бир тыбыш-сөз дагы ыклас менен соопко же күнөөгө айланып калуусу толук ыктымал.

Ыклас деген эмне? Чыныгы ыкласман пенделердин ыкласы кандай болгон? Бир назар таштап көрөлү.

قال إبراهيم بن أدهمَ: الإخلاص صدقُ النية مع الله

Аалым Ибрахим бин Адхам айтат: «Ыклас – бул пенденин Аллах үчүн чын дилден кылган туура (чын) ниети».
“Ыклас” сөзүнүн тилдик, түз мааниси “тазалоо”, “аруулоо” жана “тууралоо” дегенди билдирет. Ал эми терминдеги маанисин аалым Кафавий:
“Ыклас – бул ибадатка татыктуу болгон Затка (Аллахка) ибадат кылган кезде Анын гана ыраазылыгына жетүүнү көздөө”, – деп айткан.

Аллах Таала айтат:

وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ حُنَفَاءَ

“Алар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн гана кылууга, андан (жеке кудайга сыйынуудан) башка динден жүз бурууга буйрулушкан”.

(Баййина сүрөсү, 5-аят).

إِنَّا أَنزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ فَاعْبُدِ اللَّهَ مُخْلِصًا لَّهُ الدِّينَ

“(О, Мухаммад!) Биз сага Китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми Динди Аллахтын Өзүнө гана калыс абалда ибадат кыл”.

(Зумар сүрөсү, 2-аят).

Демек, динибизде ыклас – бул ар бир айтылган сөздө жана амалда бир гана Аллах Тааланын ыраазылыгын көздөө экен. Жадагалса мусулман пенде мубах (сооп эмес) иштерди калыс ниети менен соопко айлантып алуусу дагы мүмкүн. Кантип? Мисалы, бир киши тамактануунун алдында, бул тамакты жеп, күч тааап Жаратуучума татыктуу ибадат кылсам деп ниет менен тамактанды, анын туура ниети менен тамак жегени дагы соопко айланат. Болбосо адам тамак жегени үчүн сооп дагы, күнөө дагы жок, тамак жештиктин шарияттагы өкүмү мубах. Ошондой эле бир киши тамак астында, жакшылап тоюп тамактанып, түнкү уурулукка күч топтоюн десе, анын уурулугу кандай эле күнөө болсо, жеген тамагы да күнөө болот. Эмнеге? Анткени жогоруда айтылган хадиске ылайык, ар бир амал ниетке жараша бааланат.

Эгерде сиздер менен Аллахтын Элчисинин ﷺ жолун жолдогон улуу инсандардын ыкластуулугуна назар таштасак, өзүбүз үчүн көптөгөн сабактарды алабыз.

Мансур ибн Муътамир (Аллах аны ырайымына алсын) багымдат намазын окуганда шериктерине карата шатыра-шатман болуп, алар менен көп сүйлөшчү. Ал түнү менен уктабай, (тахажжудда) тик туруп таң аттырар эле. Ушуну (уйкусураганын) билгизбеш үчүн эрте менен өзүн активдүү көргөзчү.

Абдуррахман ибн Абу Лейла (Аллах аны ырайымына алсын) уктабай намаз окуучу. Ошол маалда бирөө келип калса, дароо төшөгүнө жатып (уктамыш болуп) калчу.

Абу Хамза Сумали (Аллах аны ырайымына алсын): “Али ибн Хасан түн бир оокумда жоонуна нан толо капты көтөрүп, аны садака кылар эле жана: “жашыруун садака Аллахтын ачуусун өчүрөт” – дейт эле”.

Мухаммад ибн Исхак (Аллах аны ырайымына алсын) риваят кылат: “Медина эли өздөрүнө тамак-аш каяктан келгенин билбей эле жашап жүрүшүптүр. Качан гана Али ибн Хасан өлгөндө, аларга келип турган түнкү тамак-аш дагы токтоп калды”.

Амр ибн Кайс (Аллах аны ырайымына алсын) (тез-тез нафил) орозо кармаганын үй-бүлөсү жыйырма жылга чейин билбептир. Ал эрте мененки тамагын алып чыгып кетет экен да, базарга барып аны садака кылып жиберип, өзү орозого ниет кылып алат экен. Албетте, мунун баарынан анын үй-бүлөсү кабарсыз болчу.

Имам Шафий (Аллах аны ырайымына алсын) айтат: “Бардык адамдар менин илимимди үйрөнүп, “бул илимдин бир тамгасын дагы Шафий жазган эмес” деп айтууларын каалайт элем”.

Макхул айтты: “Кайсы бир адам кырк күн (чыныгы) ихлас менен амал кылса, албетте анын жүрөгүнөн жана тилинен даанышмандык булагынын белгилери көрүнөт”.

Аалымдардын бири айтты: “Ихлассыз жана пайгамбарга ээрчибестен амал кылган киши куржунуна пайдасыз кум толтуруп алып бара жаткан мусапырга окшойт”.

Яъкуб ал-Макфуф айтты: “Чыныгы ихластуу адам жакшылыктарын жамандыктарын жашыргандай жашырат”.

Юсуф ибн Хусейн (Аллах аны ырайымына алсын) айтты: “Дүйнөдөгү эң кыйын нерсе – ихлас. Мен жүрөгүмдөн рияны кетирүүгө канча урундум. Бирок, ал түсүн өзгөртүп, жүрөгүмө тамыр сайып алгандай…”

Раби ибн Хусейм (ага Аллах ырайым кылсын) айтты: “Аллахтын ыразычылыгын көздөбөй жасалган ар кандай амал урап түшөт”.

Сулайман ад-Дарааний (ага Аллах ырайым кылсын) айтты: “Эгер пенде амалдарында ихлас кыла турган болсо, шайтандын азгырыгы менен риянын жолу торолот”.

Яхья ибн Абу Касир (ага Аллах ырайым кылсын) айтты: “Амал кылуудан мурун ниетти оңдоону (ихласты) үйрөнгүлө!”

Юсуф ибн Асбат (ага Аллах ырайым кылсын) айтты: “Ниетти бузулуудан тазалоо, амал кылуучулар үчүн илимде өмүр бою ижтихад кылуудан да оор”.

Жараткан баарыбызга амал кылуудан мурда ыкластуулук насип кылсын!

 

Автор: Ислам Амиршаев, Бишкек шаардык казыятынын маалымат адиси.

Текшерген: Шакир ажы Маматов, Бишкек шаарынын казысы.