Жети-Өгүз жана Каракол имамдары үчүн уюштурулган окуу курсу аяктады

Үстүбүздөгү жылдын 27-январында башталган Жети-Өгүз районунун жана Каракол шаарынын имамдары үчүн уюштурулган төрт күндүк окуу курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды. Курстун алкагында имамдар «Акыйда Насафия» китебин толук аяктап, диний билимдерин тереңдетишти.

Окуунун соңунда жалпысынан 80ден ашуун имамга сертификаттар тапшырылды. Сабак берген Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) фатва бөлүмүнүн адиси Баястан Марат уулу (Абубакр) да сыйланып, ага ыраазычылык иретинде белектер берилди.

Диний кызматкерлердин квалификациялык билимин өркүндөтүүгө багытталган жыйынга Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев өзү катышып, имамдарга батасын берип, сертификаттар менен белектерди тапшырды. Өз кезегинде имамдар уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирип, мындай окуу курстарынын маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул иш-чара дин кызматкерлеринин билимин өркүндөтүп, коомго диний кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга чоң салым кошмокчу.