Бишкекте Венгриядагы ислам архитектуралык мурастары боюнча сүрөт көргөзмөсү өттү

Бүгүн, 30-январь күнү Бишкек шаарындагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен Венгриянын Кыргызстандагы Элчилигинин өз ара кызматташтыгынын алкагында “Венгриядагы ислам архитектуралык мурасы” аттуу көргөзмөнүн расмий ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Доргоги Шандор мырза, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Азирети Муфтийинин орун басары Мухаммад ажы Аноркулов, диний ишмерлер, илимпоздор жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Көргөзмөнүн негизги максаты – Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий кызматташтыкты, эки өлкөнүн ортосундагы достукту чыңдоого жана өнүктүрүү болуп саналат

Көргөзмөдө Венгриядагы ислам архитектурасынын көрүнүктүү үлгүлөрү – мечиттердин, медреселердин, тарыхый эстеликтердин сүрөттөрү жана маалыматтары сунушталды.

Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов бул иш-чаранын маданий диалогду өнүктүрүүдөгү жана тарыхый эстеликтерди таанытуудагы ролун баса белгилеп, кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.

Венгриянын элчиси Дороги Шандор мырза өз кезегинде ислам архитектурасы Венгриянын көп кылымдык тарыхынын ажырагыс бөлүгү экенин айтып, көргөзмө кыргызстандыктар үчүн аталган мурас менен жакындан таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк экенин билдирди.