Теплоключенкада ысырапкорчулукка каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылында жаңы мыйзамды түшүндүрүүнүн алкагында ысырапкорчулукка каршы жыйын болуп өттү.

Иш-чарага Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ак-Суу райондук администрациясынын өкүлдөрү жана Ак-Суу районунун баш имам-хатиби Асантур ажы Абдрахманов катышты.

Жыйында ысырапкорчулуктун алдын алуу, жаңы мыйзамдын мааниси жана анын учурдагы коомго зарылдыгы тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди. Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев Курандан мисал келтирип: «Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла! Анткени Аллах ысырап кылгандарды жакшы көрбөйт» деген аятты окуп, ысырапкорчулуктун терс таасирлерин баса белгиледи.

Бул жыйын Ак-Суу районунун имамдары, мугалимдери жана айыл башчылары үчүн уюштурулуп, жаңы мыйзамды элге кеңири түшүндүрүү жана коомдогу ысырапкорчулукка каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болду.