Өрнөктүү өмүр: Молдо Абдирасул Абдибаитовдун мээнети

Молдо Абдирасул Абдибаитов – Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Жыгач айылында туулуп-өскөн, өз өмүрүн ислам динин жайылтууга, адеп-ахлакка жана коомго кызмат кылууга арнаган улуу дин кызматкери.

Ал 1940-жылы 12-апрелде туулуп, 1994-жылы дүйнөдөн кайткан. Өзүнүн адал турмушу, билимге болгон умтулуусу жана адамгерчилиги менен коомго чоң таасир калтырган.

Молдо Абдирасулдун билими терең, сабактарында анын тарбия берген сөздөрү адамдардын жүрөгүнө жетип, коомду түздөн-түз өзгөртүүгө алып келген. Ал Бухарадагы Мир-Араб медресесинде билим алып, исламдын негиздерин гана эмес, ошол эле учурда дүйнөлүк илимдерди, анын ичинде астрономия, математика жана тарыхты да терең өздөштүргөн. Анын араб тилиндеги билими жана жазуу жөндөмү өзгөчө бааланган.

Совет доорундагы кыйынчылыктарга карабай, Молдо Абдирасул билим берүү иштерин үзгүлтүккө учуратпай уланткан. Ал өзүнүн «Волга» унаасы менен шакирттерин алып, үймө-үй барып сабак берген.

Молдо Абдирасулдун үй-бүлөсү да анын берген таалим-тарбиясын алып, ар бири өз тармагында ийгиликтерге жетишкен. Анын 10 перзентинин арасында инженер, медицина кызматкерлери, мугалимдер бар.

Анын руханий мурасы бүгүнкү күндө дагы көптөгөн адамдарга таасир берип келет. Молдо Абдирасул өзүнүн өмүрүндө гана эмес, көз жумгандан кийин да көптөгөн адамдарга туура жолду көрсөтүп, диний билимдердин жана адамдык баалуулуктардын көрүнүктүү устазы болуп калды. Аллахым анын кабырын нурлуу кылсын.

Даярдаган: Фуркат Авлиёев, Баткен казыятынын катчысы