Ысык-Көл районунун Орто-Орукту айылынын имамына умра сапарына сертификат берилди

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Орто-Орукту айылынын имамы Жекшенбекке Ибраевге айыл жаштары тарабынан умра сапарына жолдомо сертификаты тапшырылды. Бул сый-урмат анын 12 жылдан бери айыл элине кылган үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык белгиси катары берилди.

Имам Жекшенбек Ибраев көп жылдар бою элге туура багыт берип, диний илим таркатууга чоң салым кошуп келет. Жергиликтүү жаштар анын эмгегин баалап, ага сый көрсөтүү – жакшы иштин белгиси экенин белгилешти.

Сертификатты алган имам өзүнүн кубанычын билдирип, айыл элине рахмат айтып, Алланын ыраазычылыгы жана берекеси болушун тилеп батасын берди. Бул саамалык жаштардын дин кызматкерлерине болгон сый-урматынын жана ыраазычылыгынын дагы бир далили болду.