Мечитти тазалаган жигитке умра сапарына жолдомо белек кылынды

Бүгүн, 31-январь күнү Ош облусуна караштуу Алай районундагы “Таш-Короо” мечитинин жергиликтүү жамааты 6 жылдан бери мечиттин тазалыгын караган жигитке умра сапарына жолдомо белек кылышты.

«Ынтымак бар жерде – ырыс бар» дегендей, Таш-Короо элинин ынтымагы бекем. Мечиттин кем-карчын өз убагында жоюп, имамдын ишмердүүлүгүн ар дайым колдоп келишет. Мечиттин тазалыгын караган жигитти умра сапарына жөнөтүп жаткан айылдын жаштарына алкыш айтабыз. Мындан сырткары, Ош облусунун казысынын мечиттердин абалын жакшыртуу жөнүндөгү тапшырмасынын алкагында бул мечитке камералар орнотулду», – деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.

Баш имам-хатиб мечитке видеобайкоо камераларын орнотууну Талипбай Акматов аттуу демөөрчү колгон алганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, бул саамалыктар мечит имамы Урматбек ажы Туратбек уулунун демилгеси менен ишке ашырылды.