Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы диний жана руханий өнүгүүгө, элдин ынтымагын жана ыйманын бекемдөөгө дагы бир ирет шарт түзүлдү деп билдиришти аймактык казыяттан.
Тактап айтканда, аталган райондун Кең-Талаа айыл аймагынын Бешкент айылында эскилиги жеткен чакан мечиттин ордуна жаңы заманбап мечит курулду. Жергиликтүү тургундардын айтымында, мурдагы мечиттин имараты эскилиги жетип, жаңы мечиттин курулушуна чоң муктаждык болгон. Айыл тургундары биргелешип ашар ыкмасы менен курулуш иштерин жүргүзүп, мечитти заманбап үлгүдө бүтүрүшкөн. Салтанаттуу ачылышка диний ишмерлер менен бирге эле Кең-Талаа айыл аймагынын башчысы жана жергиликтүү калк катышты.
Облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров жаңы мечиттин пайдаланууга берилиши менен жергиликтүү тургундарды куттуктап, бул жай салттуу ислам динин жайылтуучу борборго айлануусуна тилектештигин билдирди. Ошондой эле мечиттин курулушуна салым кошкон бир катар инсандарга казыяттын ыраазычылык каты тапшырылды.
Мындан сырткары жаңы мечитте жума баяны айтылып, алгачкы жума намазы окулду.
Эске салсак, Бешкент айылынын калкынын саны 4257 киши. Айылда 5 мечит болгон. Жаңыдан курулуп пайдаланууга берилген мечит жума намазын окууга ылайыкташтырылган.