Билимдүү имам – бекем коом: Ысык-Көлдө дин кызматкерлерине «Акыйда Насафия» китебинен окуу курсу өтүүдө

Ысык-Көл облусунун имамдарынын диний билимин жогорулатууга багытталган окуу курсу Балыкчы шаарында уланууда. Бул иш-чара буга чейин Жети-Өгүздө башталып, эми Балыкчыдагы Исагалы Сабира медресесинде өткөрүлүп жатат. Окуунун негизги максаты – «Акыйда Насафия» китебин терең үйрөнүү аркылуу имамдардын квалификациясын жогорулатуу жана диний билимин бекемдөө.

Курска 90го жакын имам катышып, аларга сабактарды Талас облусунун казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Турдалиев Белек өтүүдө. Ал имамдардын акыйда илимин тереңдетип, диний түшүнүгүн өркүндөтүүгө басым жасоодо.

Окуу процессине Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев катышып, бул курс имамдардын диний билимин жогорулатууну гана эмес, имамдардын коомдук ишмердүүлүгүн дагы бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.