Жалал-Абад шаарындагы 10 000 орунга ылайыкташып курулуп жаткан борбордук мечиттин курулушу тездик менен жүрүп жатат. Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, мекендештердин үмүтү чоң болгон ушул курулушту өз көзү менен көрүп, анын кандай жүрүп жатканына кызыккан. Ал кирпич коюу иштери качан башталары тууралуу сурап, курулуштун жүрүшүн текшерген.
«Эл тилеги» коомдук фондунун директору Тагайбек Казакбаев учурда 120 жумушчу бетон куюу иштери менен алектенип жатканын, курулуш аягына чыга баштаганын белгиледи. Мындан тышкары, мечиттин негизги мунараларын куруу иштери да башталды. Анын айтымында, кирпич коюу жумуштары апрель айынын орто ченинде башталышы күтүлүүдө.
«Нематулла ажы, учурда негизги жумушубуз бетон куюу иштери болуп жатат. Кудайга шүгүр, каржылык жагынан эч кандай кыйынчылык жок. Кирпич коюу иштери апрель айында башталат деп болжолдоп жатабыз. Мечиттин курулушуна салым кошкусу келгендерге реквизиттерди беребиз», — деп түшүндүрдү Тагайбек Казакбаев.
Ал ошондой эле, курулушчуларга ыссык тамак уюштуруп, жардам берүүгө көмөктөшүп жаткан жарандарга ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, борбордук мечиттин курулушу 2024-жылдын июль айында башталып, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин катышуусунда мезгил кутусу салынган. Курулуштун жүрүшү учурда тездик менен уланууда жана булардын бардыгы жергиликтүү тургундардын тилегин ишке ашырууга багытталган.