Ош облусунун Ноокат районунун Шаңкол айылында, жергиликтүү жамаат «Расулбек ажы» мечитинин имамы Муратали уулу Нурланбекке авто унаа белек кылды. Аталган авто унаа «Хонда Фит» үлгүсүндө болуп, ал жергиликтүү элдин имамга болгон ыраазычылыгынын белгиси катары берилди. Муну райондун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров өзү маалымдады.
«Районубузда мечит имамдарына колдоо көрсөтүү маселеси жылдан-жылга артып жатат. Муну көрүп абдан кубандык. Мисалы, буга чейин «Ынтымак» жана «Арбын» айылдарында да имамдарга авто унаа белек кылышкан. Бул көрүнүш жергиликтүү жамааттын имамдарына болгон ишениминин жана сый-урматынын чыныгы көрсөткүчү. Шаңкол айылындагы бул аракет башка айылдарга да үлгү болуп, имамдарга болгон колдоо ар бир айылда уланары чындык деп ишенем», — деп белгиледи Бекназар ажы Жапаров.
Бул көрүнүш Ноокат районундагы диний кызматкерлерге көрсөтүлгөн колдоонун өсүп бара жаткандыгын көрсөтөт. Жамааттын имамдарды колдоп, алардын кызматын баалаганы алардын ишине болгон мотивацияны жогорулатат. Бул өз кезегинде, имамдардын иши менен элдин диний түшүнүктөрүн тереңдетүүгө жана диний мурасды сактоого чоң салым кошот.