Бишкек шаары жана Чүй облусунун диний окуу жайларынан студенттер бүгүн, 10-февралда, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров менен жолугушту. Иш-чара КМДБнын Диний билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага 32 диний окуу жайдан студенттер катышты. Бул иш-чарада студенттер «Имам Сарахсий» атындагы борбордук мечитте Муфтият Венгрия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте уюштурулган фото көргөзмөнү көрүшүп, андан соң муфтияттын бардык бөлүмдөрү менен таанышышты. Алар муфтияттын байланыш борбору, эфирлерди даярдоо студиясы жана башка бөлүмдөр менен жакындан таанышып, өздөрүнө кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Жыйындын аягында студенттер Азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров менен жолугуп, анын акыл-насаат сөздөрүн угуп, Куран китебин белекке алышты.
Иш-чаранын негизги максаты – диний окуу жайлардагы студенттерге Муфтияттын ишмердүүлүгүн кеңири тааныштырып, алардын келечектеги кесиптик карьерасын калыптандырууда маанилүү багыттарды түшүндүрүү болуп саналат. Студенттерге диний билим алып жаткан учурда, өздөрү тандаган багыт боюнча терең билим алуу жана анын үстүндө иштөө үчүн аракет кылуу сунушталды.
«Урматтуу студенттер, билим алуу – бул өмүрдүн эң баалуу бөлүгү. Ар бир адам өзүнүн жашоосунда убактысын туура пайдаланып, жакшылыкка, билимге жана чындыкка умтулушу керек. Билим алуу — бул рухий өнүгүүнүн негизги булагы. Убакыт өтүп жатат, андыктан ар бир күнүбүздү өз максатыбызга жетүү үчүн эффективдүү пайдаланууга үйрөнүңүздөр. Жашооңуздардагы ар бир кадам билим менен коштолсун, анткени билим адамдын келечегин аныктайт. Куранды үйрөнүү жана анын терең маани-маңызын түшүнүү – бул да өзүнө чоң милдет. Ал эми биздин муфтият ар дайым сиздерге жардам берүүгө даяр. Убакытты туура пайдалануу жана билим алууга болгон жоопкерчилик чоң мааниге ээ»,-деди Азирети муфтий.
Бул иш-чара жаш диний адистердин келечектеги жолун түзүүгө жардам берип, алардын динге жана коомго карата түз ойлорду жана туура кадамдарды таштаган, билимдүү адамдар болуп чыгышын көздөйт.