2025-жылдын 12-февралында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, ага Аалымдар кеңештин төрагасы Замир кары Ракиев баштаган кеңеш мүчөлөрү жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров катышты. Жыйында Азирети муфтий 2024-жыл ичинде муфтият өзүнүн аймактагы түзүмдөрү менен бирге аткарган иштер боюнча кеңири отчет берип, дин тармагында жетишилген негизги ийгиликтерге токтолду.
Аалымдар кеңеши муфтияттын бир жылдык ишмердүүлүгүн жогорку деңгээлде баалап, диний билим берүүнү өркүндөтүү, экстремизмге каршы күрөшүү жана коомдо туура диний түшүнүктү жайылтуу боюнча жетишкендиктерин баса белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маанилүү чечимдер кабыл алынды:
Диний окуу жайлардын окуу программасын өркүндөтүү – билим сапатын жогорулатуу үчүн программалар жаңыртылмакчы.
КМДБнын борбордук жаңы имаратын куруу – муфтияттын административдик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
Орозонун башталышын, зекет жана фитир-садака өлчөмдөрүн аныктоо – бул маселелер боюнча муфтиятка тиешелүү тапшырмалар берилди.
Аалымдар кеңеши Азирети Муфтийдин бир жылдык ишмердүүлүгүн жогору баалап, муфтияттын коомдогу диний туруктуулукту камсыз кылуудагы ролун колдоого аларын билдирди.
Саресеп: Азирети Муфтийдин 1 жылы
2024-жылдын 10-февралында өткөн Кыргызстан мусулмандарынын курултайында Абдулазиз кары Закиров Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи болуп шайланган. Анын шайлануусу менен биргеликте муфтиятта бир катар реформалар башталып, диний кызматтын сапатын көтөрүү, салттуу исламды жайылтуу жана коомдун руханий өнүгүүсүнө салым кошуу боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлдү. Өткөн бир жыл ичинде аткарылган иштерге сереп салсак, дин тармагындагы олуттуу өзгөрүүлөрдү жана жетишкендиктерди байкоого болот.
Диний кызматтын өнүгүүсү жана реформалар
✔ 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчем
Абдулазиз кары Закиров муфтияттын ишмердүүлүгүн системалуу жана натыйжалуу жүргүзүү максатында 40 пункттан турган стратегиялык планды кабыл алды. Бул план диний билим берүүнү өркүндөтүү, экстремизмге каршы күрөшүү, дин кызматкерлеринин кадыр-баркын жогорулатуу, коомго сапаттуу диний кызмат көрсөтүү сыяктуу негизги багыттарды камтыйт.
✔ Ханафилик-матуридилик мектебин жайылтуу
Муфтият ата-бабалардан келе жаткан салттуу ислам багытын бекемдөө үчүн бир катар иш-чараларды жүргүзүп, аалымдардын катышуусунда жыйындар, тренингдер жана баяндар уюштурду. Бул багытта имамдарга окутуулар өткөрүлүп, коомчулукка туура диний түшүнүк берүү иштери күчөтүлдү.
✔ Мамлекет менен кызматташтык
Өлкө ичинде диний туруктуулукту сактоо максатында Азирети Муфтий мамлекет жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүп, дин жана мамлекет ортосундагы гармонияны бекемдөөгө салым кошту. Өткөн жылы ал президент менен үч жолу расмий жолугуп, мамлекеттин дин тармагына колдоосун камсыз кылды.
✔ Колл-борбордун ачылышы
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын тарыхында алгач ирет диний суроолорго жооп берүүчү байланыш-борбору ишке киргизилди. Жарандар эми үйүнөн чыкпай туруп эле диний маселелер боюнча онлайн кеңеш ала алышат.
✔ Муфтияттын алгачкы медиа студиясы жана «Муфтият ТВ» долбоору
Диний билим берүүнү кеңири жайылтуу максатында заманбап жабдыктар менен жабдылган муфтияттын медиа студиясы ачылды. Бул платформа аркылуу ханафилик-матуридилик акыйдасын жайылтуу, адеп-ахлактык жана диний баяндарды элге жеткирүү максатталган. Жакын арада «Муфтият ТВ» телеканалынын негизделиши да пландаштырылууда.
Эл аралык байланыштар жана диний конференциялар
✔ Ислам дүйнөсү менен кызматташтык
Азирети Муфтийдин демилгеси менен Россия Федерациясы, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Сауд Арабиясы сыяктуу мамлекеттердин диний жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлүп, кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду. Бул Кыргызстанда диний билим берүүнү өркүндөтүүгө, тажрыйба алмашууга жана эл аралык деңгээлде өлкөнүн аброюн жогорулатууга шарт түздү.
✔ Эл аралык Куран жарыштары
Бир жыл ичинде Кыргызстанда эки ирет эл аралык Куран жарышы өткөрүлүп, дүйнөгө таанымал Аль-Масарави сыяктуу устаттар калыстык кылды. Ошондой эле алгач ирет мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында Куран жарышы уюштурулуп, жеңүүчүлөргө умра сапарына жолдомо берилди.
✔ «Улут наркы – эл баркы» агартуу кербени
Муфтияттын колдоосу менен өлкөнүн бардык аймактарында руханий агартуу жолугушуулары өткөрүлдү. Бул иш-чараларда коомдук адеп-ахлак, үй-бүлөлүк баалуулуктар жана салттуу исламдын орду тууралуу баяндар жасалды.
Ажылык жана кайрымдуулук иштери
✔ Тарыхта эң мыкты уюштурулган ажылык сапары
2024-жылдагы ажылык сапары Кыргызстандын тарыхында эң жогорку деңгээлде уюштурулуп, Сауд Арабиясы Кыргызстанды дүйнөлүк эң мыкты үч өлкөнүн катарына кошту. Уюштуруу тобунун кызматкерлери мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктарга татыды.
✔ Дин кызматкерлерин колдоо
Баш имам-хатибдер айлык маяна ала башташты. Апрель айынан тарта өлкөдөгү жалы имамдар 8 миң сомдон баштайт.
20 баш имам-хатибге кызматтык унаа тапшырылды.
60 дин кызматкери жана 30 хафизге умра жолдомосу берилди.
✔ Мечиттерди жана диний мекемелерди электрондоштуруу
Муфтият тарабынан бардык мечиттердин жана диний окуу жайлардын маалыматтары бирдиктүү электрондук базага киргизилди. Ошондой эле расмий документ жүгүртүү Infodocs (СЭД) системасына өткөрүлүп, иш процесси тездетилди.
✔ Диний окуу жайларда жаңы реформалар
ДОЖдорго Кыргыз тили жана Кыргызстандын тарыхы сабактары милдеттүү түрдө киргизилди.
7 мыкты медресенин материалдык-техникалык базасы бекемделди.
10 мыкты студентке Азирети Муфтийдин стипендиясы тапшырылды.
✔ Илимий изилдөө институту ачылды
Муфтияттын алдында илимий изилдөө иштери жүргүзүлө турган жаңы институт негизделип, диний тематикадагы илимий иштерди колдоо күчөтүлдү.
✔ Ысырапкорчулукка каршы күрөш
Муфтият өлкө боюнча 4 миң мечитте үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, ысырапкорчулуктун кесепеттери тууралуу баяндарды уюштурду.
✔ Кайрымдуулук жана социалдык акциялар
Рамазанда «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы өткөрүлдү.
«Өмүр – аманат» жол коопсуздугу акциялары уюштурулду.
«Сен китепти ачсаң, китеп сага ааламды ачат» китеп окуу конкурсу өтүп, жеңүүчүгө бир бөлмөлүү батир берилди.
Жыйынтыктап айтсак Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун бир жылдык ишмердүүлүгү чоң реформалардын башаты болду. Муфтияттын иши формализмден реалдуу аракеттерге өтүп, стратегиялык багытта жигердүү иштер аткарылды. Диний сабаттуулукту жогорулатуу, мечиттерди электрондоштуруу, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана коомдук баалуулуктарды сактоо боюнча жасалган аракеттер муфтияттын тарыхында жаңы доордун башталышын билдирет.