Нарын облусунун казысы Ат-Башы районунун имамдары менен жолугушту

Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов Ат-Башы районунун имамдары менен жолугушуу өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө облус казысы имамдардын үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, Нарын облусунун казыяты «Жылдын мыкты казыяты» деп табылганын аркасы жалпы имамдардын эмгеги экенин белгиледи.

Ошондой эле имамдардын макамы жогорулап, 2024-жылдын ноябрь айынан баштап айыл аймактык имамдар стипендия ала баштаганын, ал эми 2025-жылдын  апрель айынан тарта айылдык имамдарга да Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы (КМДБ) тарабынан стипендия төлөнөрүн билдирди.

Жыйындын алкагында жаңы кабыл алынган мыйзам тууралуу да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Облус казысы имамдарга коом алдында, эл арасында үлгү болуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, ар дайым сабырдуулукту сактоого, имамдык деңгээлди адеп-ахлактык менен жогору кармоого чакырды.

Мындан тышкары, Ат-Башы райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын капитаны Максат Токторбаев Жогорку Кеңеш тарабынан киргизилген айрым мыйзам өзгөрүүлөрү тууралуу баяндап өттү. Ошондой эле мечиттерде коопсуздукту камсыздоо максатында видеокамераларды орнотуу зарылдыгын белгиледи.

Жыйында облус казысы республика боюнча сунушталып жаткан QR-код аркылуу садака берүү системасы тууралуу да маалымат берди. Бул система аркылуу мечитке түшкөн каражат толугу менен тийиштүү мечиттин эсебине түшөрүн, ошондой эле имамдар QR-код аркылуу келген каражатты көзөмөлдөп, кимден жана канча сумма түшкөнүн көрө алышары айтылды.

Андан сырткары, облус казысы 2025-жылдын ичинде имамдар үчүн үч күндүк окуу курсун, андан сырткары имамдардын жубайлары үчүн да атайын окуу курсун уюштуруу пландалып жатканын билдирди. Ошону менен катар Ат-Башы районунда жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иш-чараларды маалымат каражаттары аркылуу кеңири чагылдыруу зарылчылыгы да белгиленди.

Жыйындын соңунда имамдар облус казысына өз суроолорун берип, жооп алышты. Андан кийин ар бир айыл аймактык имамдын мечит маселелери жана жеке иштери боюнча өз-өзүнчө сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.