Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, новатор, педагог жана коомдук ишмер Гапыр Мадаминов агай «Расул Акрам» Ислам институтуна конок катары чакырылды жана студенттер менен жолугушту.
Жолугушууда Гапыр Мадаминов 49 жылдык агартуу тажрыйбасынан алган сабактарын, турмуштагы маанилүү ойлору менен бөлүштү. Ал студенттерге келечекте үгүтчү болууну каалаган болсо, элге жеткиликтүү жана жөнөкөй ыкмаларды колдонуп, өз ой-пикирлерин түшүнүктүү жеткирүүнү кеңеш берди.
Студенттер жолугушуу учурунда Гапыр Мадаминовго ар түрдүү кызыккан суроолорун берип, жооп алышып, анын тажрыйбасынан баалуу маалыматтарга ээ болушту.
Окуу жайдын атынан Гапыр Мадаминовго чоӊ ыраазычылык билдирилип, анын иштерине ийгилик, алдыдагы иштеринде өркүндөө жана бакыт кааланды.