Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Апын Керимбаев атындагы орто мектебинде «Зомбулукту бирге жеңебиз» жана «Ата-энелер, балдарды кароосуз таштабагыла!» аттуу жыйын болуп өттү. Иш-чарага Ат-Башы райондук администрация башчысынын орун басары Жылдыз Жанталиева, РИИБдин орун басары Нурлан Акимов жана Ат-Башы районунун баш имам-хатиби Абдулла Тахиров мектеп окуучулары, ата-энелер катышты.
Жыйында мектеп окуучулары тарабынан сахналык көрүнүштөр көрсөтүлүп, ата-энелерге жана окуучуларга арналган тарбиялык кайрылуулар жасалды. Андан соң жергиликтүү бийлик өкүлдөрү окуучуларды ыймандуулукка, билимге умтулууга жана Ата-Мекенди сүйүүгө чакырышты.
Ат-Башы районунун баш имам-хатиби Абдулла Тахиров өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:
«Айланайын окуучулар! Пайгамбарыбыз айткандай, чыныгы мусулман – тили менен да, колу менен да башкага зыяны тийбеген адам. Кудайым силерге ден соолукту аманат катары берген. Бул аманатты ичимдик ичүү, чылым тартуу же башкаларга зулумдук кылуу менен кыянаттыкка салбашыбыз керек. Эгер бирөөгө залал тийгизип, анын майып болуп калышына себепкер болсок, анын күнөөсү кимге жазылат? Келгиле, мектепти чыныгы билим уясына айландырып, ата-энебиздин эмгегин актаганга аракет кылалы. Алар силерден чоң үмүт күтөт. Эгер силер жакшы окуп, илимдүү жана тарбиялуу болсоңор, ата-энеңер үчүн эң чоң сыймык ошол болот. Кыргызда: «Балаң жакшы болсо – жердин үстү жакшы, балаң жаман болсо – жердин асты жакшы» деген сөз бар. Андыктан, дайыма жакшылыкка умтулуп, ата-энеңердин, мугалимдердин, коомдун ишенимин актагыла!» – деди өз сөзүндө.