Маркумдун сөөгүн жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү жөнүндө Фатва

Маркумдун сөөгүн жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү жөнүндө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Фатвасы

 Фатва №05

Маркумду акыркы сапарга узатуу эрежелери

  1. 1. Аллах Таала кереметтүү куранда«Ар бир жан өлүмдүн даамын татуучу!»-деп айткан. Ошондуктан, ар бир адам баласы бир күн жанын тапшырат. Шариятта каза бологон адамды жууп, кепиндеп, сөөгүн жайга коюу эрежелери так айтылган. Адам баласы жан берүүгө жакындаган учурда эң оболу, мүмкүн болсо башын бир аз өйдөрөөк кылып, бутун кыблага узатып, жүзүн кыбылага каратып, чалкасынан жаткырып коюлат. Ошол учурда бир адам шахадат келмесин айт — деп мажбурлабастан добушун чыгарып айтып турат. Ошондой эле, «Ясин» сүрөсүн окуп койгону өтө жакшы болот.
  2. 2. Жан чыккандан кийин оозу ачылып калбас үчүн жаагын (ээгин) байлап, көзүн жумдуруп, денеси муздай электе колу-буттарын түздөп, буттун баш бармактарын бириктирип байлап, кийимдерин чечип бир кездеме менен жаап коюлат. Өлгөн адамды мүмкүн болушунча тезирээк жерге (кабырга) берүүнү шариятыбыз талап кылат.Ошондуктан, маркумдун тууган уруктарын тез арада чогултуп, кабырга коюуга шашуу керек. Эч бир себепсиз сөөктү 2-3 күн кармоо шариятка туура келбейт.
  3. 3. Маркумду даарат алдырып, толук жуундуруу зарыл. Бирок оозу, мурду жуулбайт, жөн гана нымдалган кездеме менен оозу, эриндери, тиштери тазаланат. Тырмагы алынбайт, чачы таралбайт. Биринчи: сол жагына жаткызып оң тарабын, андан кийин оң жагына жаткызып сол тарабын жууйт. Башын көтөрүп, акырын курсагын сыдырат, эгер бир нерсе чыккан болсо ошол жери гана жуулат. Денени бир арчып кургатып, кепинге салынат.
  4. 4. Маркумду кепиндөөдө алдын ала кепинди бычып даярдап алат. Кепинге ак кездеме иштетилгени жакшыраак. Эркек кишиге үч кабат кепин болот.
    Изар (башынын төбөсүнөн баштап бутунун учуна чейин);
    2.Камис (жеңсиз көйнөк, моюнунан бутуна чейин);
    3. Лифафа (баш-аягынан бир канча артыкча болот, байлоо үчүн);

Аял кишини аялдар жууп, кепиндейт. Күйөөсү аялын жуубайт, кепиндебейт. Аял кишиге беш кабат кепин болот.
1. Изар (башынын төбөсүнөн баштап бутунун учуна чейин);
2. Камис ( жеңсиз көйнөк, моюнунан бутуна чейин);
3. Лифафа (баш-аягынан бир канча артыкча болот, байлоо үчүн);

  1. Химар (жоолук);
    5. Хирка (көкүрөк байлама);

Биринчи: лифафаны жаят, анын үстүнө изарды төшөйт. Жеңсиз көйнөк (камис)   кийгизип, лифафа изардын үстүнө коюлуп, биринчи сол жагы оролуп, кийин оң жагы оролот. Аял кишинин чачын эки өрүмгө өрүп көкүрөккө узунунан таштайт. Камисти кийгизип, чачын камистин үстүнө коюп, химарды (жоолукту) ороп, хирка (көкүрөк байлама) көкүрөгүнө оролот. Андан кийин изар, лифафа оролот. Кепин ачылып кетпестиги үчүн байланат. Андан кийин жаназа намазын окууга алып чыгылат.

  1. 5. Жаназа намазын окуу фарз кифая ( кабар алган айылдан бир кишинин катышуусу менен башкалар милдеттен кутулат). Имам маркумдун көкүрөгүнүн тушуна турат. Жаназа намазы башка намаздардай эле толук даарат менен окулат. Ошондуктан, жаназага тургандар даарат алып, имамга эргешет жана имам такбир айтканда, такбилерди ичинен кайталайт. Жаназа намазында төрт такбир айтылат. Колдор биринчисинде гана көтөрүлөт, калган такбирлерде көтөрүлбөйт.
  2. 6. Жаназа намазы маркумдун аласа-бересеси суралгандан кийин окулат. Маркумдун кимдир бирөөдөн карызы болгон болсо, ал карызы маркумдун калтырып кеткен мурасынан төлөнөт. Эгер маркум мураска эч кандай акча же мал   калтырбаса, мурасколор төлөп койсо болот.

Маркумдун сөөгүн жайга коюу жана мүрзөлөрдү казуу эрежелери

  1. 1. Исламда кабырды 1,5 метрден кем эмес, андан да тереңирээк, эки метрге чейин казылат. Кабыр эки түрдүү казылат. Биринчиси, лахад кылып казылат. Лахад-кабырдын айбанчасын казып бүткөндөн кийин кыбыла тарапка көңдөйлөп казанак казылат. Сөөк казанакка бут жагы менен киргизилет. Экинчиси, топурагы жумшак жер болсо шак кылып казылат. Шак — кабырдын айбанчасын казып бүткөндөн кийин кабырдын түбүнүн ортосуна маркумдун сөөгү бата тургандай чуңкур казылат.

Кабырдын оозу кам кыш, же камыш, же топурак толтурулган кичинекей каптар менен бекитилет.Зарылдык болгон учурларда жана башка материялдарды колдонсо дагы уруксат берилет.

Сөөктү жайга коюучулар «Бисмиллаахи ва ьалаа миллати расуулиллах» (Аллахтын улук ысмы менен жана пайгамбарынын жолунда) деп айтып коюшат. Байламдарды чечип, жүзүн ачпастан кыбылага каратат. Эгерде маркум аял болсо, башкалардын көзү түшпөс үчүн коюп жаткан кезде сөөгү кездеме же чатыр сыяктуу бир нерсе менен жабылып турулат. Сөөктү эң жакын валийлери  коюшат. Эгер жакын кишилери болбосо, бөтөн такыбараак адамдар койсо болот. Эки мүрзөнүн ортосундагы аралык 0,50см кем эмес болгону жакшы.

  1. 2. Кабырдын үстүнө топурак тартылып, дөбө кылып үйүлөт. Ошондой эле, минималдуу жазуулар жазылган жупуну белги коюуга болот. Шариятта мүрзөлөрлөрдүн үстүнө, мрамор таштардан, граниттен, жана темирден курулмаларды курууга жана ушул материалдарды айкалышытыруу менен жасалгаланган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салынат.

Анткени, Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мүрзөнүн үстүн бекемдөөдөн (цемент же гипс менен катыруудан),  анын үстүнө курулуш куруудан, анын үстүнө отуруудан кайтарган. Муслим 1/312 китабу жанааизАллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, тыюу салгандай, мүрзөлөрдүн үстүнө чептүү имараттарды курууга болбойт. Алланын алдындагы эң жакшы кабыр – бул эң жөнөкөй, ашыкча чыгымсыз кабыр. Мүрзөнүн үстүнө коюлган таштардан, мрамордон, граниттен, темирлерден маркумга эч кандай сооп дагы болбойт, пайдасы дагы тийбейт. Анын ордуна маркумга сооп жетип туруучу иштерди жасаган туура болот.

 

  1. 3. Мусулман мусулмандын көрүстөнүнө коюлушу керек. Мусулмандардын көрүстөндөрүнө башка диндеги адамдын сөөгү коюлбайт. Ошондой эле, мусулмандардын көрүстөндөрү башка диндердин өкүлдөрүнүн көрүстөндөрүнөн жол бөлүп туруусу зарыл, айланасы тосулуп, өз алдынча кирүү-чыгуу эшиктери болушу керек. Зарылчылык болбосо ар бир мүрзөгө тосмо коюуга болбойт, бирок зарылчылык болсо, анда ысырапкорчулуктан алыс болуп, жупуну бийиктиги 0,70 сантиметрден ашпаган жыгач тосмо жасоого уруксат берилет. Себеби, хадисте мүрзөдө басууга, анын үстүнө отурууга катуу тыюу салынган. Андан тышкары, жапайы жана жолбун жаныбарлар мүрзөдөгү сөөктөрдү казып чыгарып салуусуна жол бербөө үчүн орнотулат.

 

  1. 4. Ар бир маркум үчүн өзүнчө мүрзө болушу керек. Бир кабырга бир нече өлгөн адамдарды көмүүгө зарыл болгон учурда уруксат берилет, мисалы, трагедиялуу окуялардын, аскердик операциялардын же эпидемиялардын натыйжасында, көптөгөн адамдар каза болгон учурларда. Мындай учурда денелердин ортосунда топурак тосмо жасалат.

 

  1. 5. Эски жана колдонулбай калган көрүстөндөрдүн аймагын кайра колдонуу зарылдык болгон учурда гана уруксат берилет. Көрүстөндөгү сөөктөрдүн калдыктары көчүрүлүп, кайра башка жерге көмүлөт. Канча убакытта сөөк чирип жерге айлануусу боюнча, жер кыртышынын табигый курамы жана климаттык шарттарды эске алуу менен райондун адистери тарабынан аныкталат.
  2. 6. Маркум каза болгон жерде жерге берилүүсү (мустахаб) жакшы. Зарылдыкка жараша сөөгүн өзү туулуп өскөн жерине алып барылса болот. Ошондой эле, башка мамлекетте каза болгон маркумдун сөөгүн каза болгон жерде жерге берүү (мустахаб) жакшы. Эгер өз өлкөсүнө алып келсе уруксат.
  3. 7. Маркумдун сөөгү жерге берилгенден кийин аны казып чыгарылбайт жана башка жакка көчүрүлбөйт бирок, мусулмандын сөөгү мусулман эмес мүрзөгө коюлуп калса, же көмүлгөн жер зордук менен тартып алынган жер болсо, башка бирөөнүн жерине уруксатсыз көмүлсө, мүрзө турган жерди сел каптоо, суу астында калып кетүү коркунучтары туулса, анда сөөктү башка жакка жылдырууга болот.

Маркумду узатуудагы ысрапкорчулуктун алдын алуу
1.Ислам шариятында маркумду  акыркы сапрага узатууда сөөк чыккан үйдөн үч күнгө чейин казан асып, мал союлбайт, тамак берилбейт, сөөк чыккан үйдүн кошуналары ошол үйдөгүлөргө көңүл айтып, туугандары тамак алып келип туруусу жакшы иш. Бул кошуналардын жана туугандардын милдеттери. Жакын адамын жоготуп, кайгыга батып турган адамга, маркумдун короосундагы малын сойдуруп, аларга тамак жасатып, жеп олтуруу шариятка туура келбейт (макрух тахримий). Маркумдун артында чыркырап балакат жашына жете элек жетимдер калган болуусу мүмкүн.  Мындай учурда жаназага келгендерге мал союп тамак-аш уюштуруу арам болот.

Аллах Таала Куранда айткан: “Албетте, жетимдин мал-мүлкүн адилетсиздик менен жегендер өз курсактарына отту жутушат жана эч күмөнсүз тозоко кирет”. (Нисаа сүрөсү 10- аят).

Имам Ахмад риваят калган хадисте мындай деп айтылган Жарир ибн Абдуллах р.а. айтат: “Сөөк чыккан үйдө адамдар чогулуп, анан үй ээси келгендерге тамак-аш даярдап берүүсүн “Нияхат” дан эсептечүбүз”.(Имам Ахмад рываяты). Нияхат дегени- өлүккө чектен чыгып чачын жулуп, бетин тытып, өкүрүп, үн чыгарып ыйлоону айтат. Бул амал ачык тыюу салынган амалдарга кирет. Ошондуктан, сөөк чыккан үйдөн тамак-аш жеген дагы тыюу салынган амалга кирет.

Аллах Таала Кереметтүү Курандын Аьроф сүрөсүнүн 31- аятында: “Жегиле, ичкиле бирок ысырапкорчулук кылбагыла! Анткени Аллах ысырапкорлорду жакшы көрбөйт. ( Аьраф сүрөсү, 31-аят).

Өлүк чыккан жерде катар-катар мал союп, той сыяктуу тамак-аш берип, ысырапкорчулук кылууга тыюу салынган. Себеби, ушул үч күн шариятта тазия күндөрү деп эсептелинет. Тазия — аза күтүү дегенди билдирет. Бул күндөрү өлүк ээлерине көңүл айтып, сабырдуулукка үндөө керек. Маркумга артынан жакшылык кылуу, сооп багыштоо бир гана мал союп аш берүү менен чектелбейт. Анын ордуна токтобой сообу жетип турган садаканын сообу көбүрөөк болот. Мисалы мечит, медресе, мектеп, оорукана куруу, жол, көпүрө салуу, суу чыгаруу, бак отургузуу сыяктуу иштерди аткарса көбүрөөк сооп болот.

Жогорудагылардын негизинде:

  1. Маркумдун үйүнөн алгачкы үч күн ичинде мал союлуп, келгендерге тамак-аш берүүгө тыюу салынат.
  2. Маркумга атап, үчтүк, бейшембилик, жетилик, жыйырмалыгы, кырктыгы, элүү экилиги, жылдыгы сыяктуу аталыштар менен мал союулар, тамак аш берүү болбойт.
  3. Кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып “жыртыш”, таратып берүү “бел боо”, “ак кийди”, “көк кийди”- деген кийиттерди берүү ысырапкорчулукка жол берүү болот жана ага тыюу салынат.
  4. Мүрзөнүн үстүнө, мрамор таштардан, граниттен, темирден жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалгаланган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салынат.
  5. Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелет.