Бишкекте азанчыларды окутуу башталды

Бүгүн, 24-февраль күнү Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде борбор калаадагы мечиттердин азанчыларын окутууга старт берилди. Окутуу КМДБ тарабынан жүргүзүлүп, дин кызматкерлерине азанды туура, так жана уккулуктуу айтуунун жол-жобосу үйрөтүлөт.

«Азан – бул даават. Динибиздин символикаларынан. Андыктан аны жоопкерчилик менен так, туура, өз эрежеси менен айтуу маанилүү. Алла Тааланын жалгыздыгын, пайгамбарыбыздын (с.а.в.) акыйкатын, намаздын улуулугун даңазалап, элди мечитке чакырып жаткан соң жоопкерчилик менен мамиле кылалы», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.

КМДБ жетекчиси тажвид илими, дин кызматы, «пайгамбар азанчысы» деп таанылган Азирети Билалдын (р.а.) өрнөктүү өмүрү тууралуу учкай токтолуп, дин кызматкерлерине ийгилик каалады.

Ал эми Муфтияттын алдындагы илимий изилдөө институтунун директору Шүкүр ажы Исмаилов калаада башка дин ээлери да бар экенин, алардын уккулуксуз азан боюнча арызданып жүрүшкөнүн, жагымсыз азан динден качырарын айтып, катышуучуларды семинарга активдүү катышууга чакырды.

Айта кетсек, окутуу бир жума бою уланат.