Чүй облусунун мусулмандар казысы Рамазан айына даярдык көрүү боюнча имамдарга тапшырма берди

Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов жетектеген казыят кызматкерлери жана Чүй облусундагы баш имам хатибдер кезектеги көчмө жыйынын Кант шаарындагы «Азери» мечитинде өткөрүштү.  Жыйын алкагында облус казысы хатибияттардын бир айлык отчетторун угуп, өз баасын берди.

Муну менен катар облус казысы ыйык Рамазан айы кирип келе жаткандыгына байланыштуу бардык имам хатибдерге орозого даярдык көрүү тапшырмасын берип, анын аткарылышын өз көзөмөлүнө ала тургандыгын билдирди.