Маалымат

Кыргызстандагы диний сабаттуулук

Диний сабаттуулук – бул бир диндин моралдык, адеп-ахлактык жана маданий негиздеринин чегинде муундан муунга билим катары өткөрүлүүчү баалуулук жана адамзаттын өнүгүүсү. Кыргызстандагы диний билим берүүнүн системасы, ал жерде жашаган адамдардын тарыхына жана башынан ар кандай ишенимдерди кечирген көчмөн эл катары таанылган менталитетине байланыштуу түптөлгөн.

Кыргызстандын аймагында диний билим берүүнүн жана диний сабатуулуктун тарыхы Орто Азиянын диний абалына жараша мааниге ээ болуп, атактуу аалым Имам Сарахсий жана Сражидин Аль-Оший сымал илимпоздорго түздөн-түз байланышып, алардын доору диний билимдин жогорку деңгээлин түптөгөн Борбордук Азиядагы билим борбору деп таанылган Бухара, Самарканд, Фергана жана байыркы Ош шаарларына негиз алган. Кыргызстандагы диний сабаттуулук алгачкы мезгилден тартып Ханафий мазхабдын негизинде түптөлгөн. Билим берүүнүн ушул жолу, илим билим жагынан интелекти жогору жана руханий жагынан жетишкен адамдарды даярдоо менен диний билим берүүнүн өнүгүүсүнө жол ачты. Натыйжада эл арасында илим жайылтуу менен алектенген “Кожо”, “Молдо” жана “Эшен” аталыштагы (феномен) түшүнүктөрү пайда болуп, адамдар аларды мугалим катары таанышкан. Буга мисал катары Молдо Ниязды, Тоголок Молдону жана Молдо Кылыч жана башкаларды айтып өтсөк болот. Көңүл бурчуу маселе, аты аталган адамдар өзүнүн диний сабаты жана мезгилиндеги саясий идеологиялык кырдаалага жараша эмгектери жана чыгармалары жөнөкөй коомдук, жүрүм турумдук жана карым катнаш маселелеринде шайкеш келгендиктен идеологиялык куугунтука кабылбастан, алардын эмгектери бизге түз келип жетип, аларды жумурай журт таанып билишет. Ошол эле учурда өзүнүн “Аль-Мабсут” деген эмгеги менен бүт Ислам ааламына таанымал, Өзгөн шаарында төрөлүп, үлкөн илимге жетишип, ааламга аты кеткен аалымдан (сөөгү да ошол жерге койулган) көпчүлүк кабарсыз. Мына ошондой эле башка дин илими менен алектенген атактуулар да ушундай тагдырда.

Кыргыз тарыхында диний билим берүү системасы, бала тарбиялоодогу негизги бөлүк катары кабыл алынган. Ошол себептен ар бир ата-эне балдарын молдонун колуна тапшырууга шарт түзүп, анын билимдүү болуусуна аракет кылышкан.

Диний билим берүүдөгү чоң өзгөрүү Орус Падышалыгынын жана Советтер Союзунун доорунда болуп өттү. Өзгөчө Орус Падышалыгынын доорунда Казан жана Уфа шаарларында диний билим берүү жана диний басылмалар күч алган. Алардын таасири астында Кыргызстанда да алгылыктуу иш аракеттер аткарылган. Ал эми Советтер Союзу мезгилинде учурдун атеисттик мүнөзүнө жараша диний билим берүү коомчулуктун муктаждыгын чече турган элемент катары кабыл алынбай калган. Ага карабастан Казан менен Уфа коом талабына ылайык диний билим берүүнү ошол учурдун талабына шайкеш уланта берген. Белгилүү коомдук ишмер, алгачкы интеллигент катары таанымал (албетте бул кийинки көз карашта) кирилл тамгаларына негиздеп кыргыз алфавитин түзгөн илимпоз Ишенаалы Арабаев Уфадагы “Галия” медресесинде билим алган. Ал медресе бүгүнкү күнү да ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Идеалогиялык кысымдын натыйжасында коомдун талабы артып, жооп бере турган шарт табылбагандыктан жергиликтүү салтка ылайык дин билимин жайылтуунун жаңы феномени пайда болду. Бул көрүнүш “хужра” деп аталып, жергиликтүү элдин үрп-адат, каада салтына негизделген, советтик исламдын элеси пайда болду. Сырткы дүйнөдөн үзүлгөн, ошол эле учурда чет жактагы Ислам ааламынын билим берүүдөгү маанилүү адабияттары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылган, бирок мурас катары бааланган эски диний адабияттарды өлтүрбөй жашоо сунуп келди. Жергиликтүү элдеги диний сабатуулуктун мындай абалы жаңыча тажрыйба сунду. Натыйжада жалпы мусулман калкы динге караганда үрп-адатка басым жасалган көз карашка ыңгайлашып, кайсы бир диний же саясий маселелерге либералдык мүнөздө кароого үйрөнө баштады.

Ачык коомдун үлгүсүн кабыл алуу менен эгемендүүлүкө жетишкен жылдардан тарта, көптөгөн Кыргызстандыктар алдыда бараткан чет өлкөлүк окуу борборлор менен таанышуу мүмкүнчүгүнө ээ болушту. Бирок баарысы эле мындай окууга жетише алышкан жок. Арада жергиликтүү жеке адамдардын аракети менен алгачкы медреселер түптөлө баштады. Бир кылымга жакын кыймылсыз калган медресе билимканасынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу оңойго турган жок. Алардын материалдык техникалык базасын чыңдоо, юридикалык базасын аныктоо, окуу тарбиялык программаларын жазып чыгуу эбегейсиз күчтү талап кылды. Эгемендүүлүкө жетишсек да тарыхта болуп көрбөгөн мамлекеттин үлгүсүнө ээ болдук.

Бирок, мезгил оошот, убакыт тогошот дегендей, мезгил ооп Атамбаев Алмаз Шаршеновичтин бийлиги учурунда 2014-жылы 14-февралда Коргоо Кеңешинин отуруму болуп, ал жерде эгемендүү 26 жыл ичинде алгачкы ирет мамлекетибиздеги диний чөйрөгө көңүл бурулду, эгемендүү мамлекеттин дин саясаты аныкталды. Эң негизгиси Кыргыз жергесине таандык мазхабдык (Абу Ханифа) жана акыйдалык (Матрудия) багыттар бекемделип белгиленди.

Учурдагы абал

Кыргызстан ачык өлкө болуу менен укуктуулук жана демократия маселесинде борбордук азиядагы эң алдыңкы өлкө деп айтсак болот. Конституция кепилдиги дин тутуу эркиндигин да ичине камтыгандыктан, эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн тарта дин билимин жайылтуунун аракеттери көрүлө баштады.

Кыргызстан мусулмандар Уламалар кеңешинин 14.05.2013-жылы № 5 токтомунун негизинде Кыргызстандагы диний билим берүү Концепциясы кабыл алынды.

Ислам билим берүү негиздерин түптөө маселеси, мусулмандар үчүн эле эмес, Кыргызстан мусулмандарынын келечегин, биздин коомдун эртеңки күнүн ойлогондордун бардыгынын башкы маселеси болуп эсептелет. Анткени, бүгүнкү күндө коомдо адеп-ахлак баалуулугуна умтулуу бир топ деңгээлде жоголуп, материалдык баалуулукту өйдө койуу, жалпы калктын жакырлануусу, аракечтик жана башка терс көрүнүштөрдүн орун алуусу байкалууда. Диний окуу жайларынын негизги максаты, жогорку адистиктеги мусулман ишмерлерин, ислам жана дүйнөлүк илимдердин ар кайсы тармагы боюнча адистерди даярдоо аркылуу коомдун руханий-адеп-ахлактык негизин бекемдөө болуп эсептелет эмеспи. Коомду демократиялаштыруу сөз эркиндигине, ачык басылмаларга жана каалагандай пикет уюштурууга эле алып келбестен, иш жүзүндө абийирсиздиктин жайылуусуна да алып келди. Диний аң-сезимдин өз бетинче түптөлүүсү башталды. Мурдагы союздук республикаларда эгемендүүлүктүн башталуусу, Исламдын дүркүрөп өсүп-өнүгүүсүнүн мезгили болуп калды. Кыргызстандагы бул татаал жана бир кылка эмес процесстин ажырагыс бөлүгү болуп, 1991-жылга чейин официалдуу түрдө жок болгон ислам окуу жайларын уюштуруу жана легалдаштыруу эсептелет.

Мамлекет жетекчилери өлкө жарандары үчүн баш мыйзам кепилдигине кирген дин тутуу эркиндиги жашоодон туура орун табуусу үчүн зарыл болгон чечим, токтом жана мыйзамдарды коомдун талабына жараша иштеп чыгып сунуп турду.

Эң орчундуусу КР президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 203 Жарлыгы менен бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы кабыл алды. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы отурумунда кабыл алынды.

Концепция мамлекеттин дин аралашпаган конституциялык принцибинин негизинде (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренеси), мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылаарын (5-берене), ошондой эле Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес; дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган; диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат деген Конституциянын7-беренесинин жоболорун эске алуу менен иштелип чыккан.

Бул Концепция — 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын «Мамлекеттик-диний жана конфессиялар аралык өз ара мамилелерди оптималдаштыруу» бөлүмүнүн приоритеттерин ишке ашыруу боюнча максаттарга, милдеттерге жана зарыл болгон чараларга мамлекеттин расмий өңүтүн билдирет.

Концепция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-февралындагы № 24 ПЖ «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу» Жарлыгын аткаруу үчүн иштелип чыккан.

Дин Кыргыз Республикасын социалдык, маданий жана руханий өнүктүрүүнүн олуттуу бөлүгү болуп эсептелет. Кыргыз Республикасында эгемендик жылдарында диний чөйрөнү эркин өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү. Диний уюмдардын ырасымдык, социалдык, өндүрүштүк-чарбалык ишиндеги чектөөлөр алып салынды. Мамлекет менен конфессиялардын ортосундагы цивилизациялык мамилеге негиз салынды, мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы конструктивдүү диалог, социалдык өнөктөштүк үчүн өбөлгөлөр түзүлдү.

Ошол эле учурда диний саясаттын концептуалдуу негиздерин иштеп чыгуунун жана мамлекет менен диндин өз ара аракеттенүү форматын аныктоонун зарылдыгын мамлекеттик органдар жана коомчулук түшүнүп калды. Муну Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы Чечими, ошондой эле ушул Концепцияны иштеп чыгууда коомдук талкуунун жүрүшүндө айтылган пикирлер айгинелеп турат.

Концепцияны иштеп чыгуунун жүрүшүндө Кыргызстандын диний чөйрөсүндөгү натыйжалуу мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун методологиялык негиздерин жана концептуалдык базасын иштеп чыгууга мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана кеңири коомчулуктун катышуусу үчүн шарттар түзүлдү. Коомдук жана эксперттик талкуунун форматында документти иштеп чыгуунун жүрүшүндө төмөнкүлөр иштелип чыкты жана макулдашылды:

— диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатка негиз болгон башкы түшүнүктөр, принциптер жана баалуулуктар;

— мамлекет менен диндин өз ара аракеттенүүсү жааттарындагы мамлекеттик диний саясаттын приоритеттүү багыттары;

— диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун этаптары жана механизмдери каралган.

Бүгүнкү күнү аалымдар кеңеши тарабынан бекитилген бирдиктүү окутуу планынын негизинде өлкө боюнча диний билим берүүнүн бирдиктүү системасы иштейт. Аны менен бирге мамлекеттик бир канча теологиялык багытта ачылган факультеттер жана теологиялык колледж иштейт. 1991-жылы алгачкы диний окуу жай болуп Азирети Умар медресеси түптөлүп, андан кийин институтка айланган. Аны менен катар жыл сайын республикабыздын ар кайсы аймактарында муктаждыка жараша медреселер, ислам институттары ачыла баштады. Алгачкы медресе болуп ачылган Азирети Умар медресеси бүгүнкү күнү Кыргызстан Ислам Университети болуп, өлкөдөгү илим билим министрлигинен лицензияга ээ жогорку диний окуу жайга айланды. Республика боюнча 1 университет, 8 институт, 22 жогорку медресе, 28 орто медресе, 20 атайын Куран медресеси жана 13 башталгыч медресе болуп жалпы 92 диний окуу жай ишмердүүлүк жүргүзүүдө. Бул окуу жайларда диний билим берүү мыйзамына ылайык толук эмес орто билимге (9-кл.база) ээ болгон улан кыздар билим алышууда. Мына ушул атайын дин билимин үйрөткөн медреселер менен катар бир канча аялдар борборлору да иштеп келет.

Эң алгачкы медресенин кыскача тарыхы.

90-жылдардын башында Кыргызстандагы диний башкармалыктын башчысы (муфтий) Кимсанбай ажы Абдрахмановдун демилгеси менен Бишкек шаарында Ислам медресесин ачуу ою келип чыккан. Ошентип, 1991-жылдын башында өлкөбүздөгү жалпы мусулмандардын колдоосу менен Бишкек шаарында Азирети Умар атындагы Ислам медресеси ачылган жана ага Темирбай ажы Орунбаев алгачкы мүдүр болуп дайындалган.

Өнүгүүнүн туура багытын карманган медресе тез аранын ичинде эле, тагыраак айтканда, 1993-жылы КМДБнын алдындагы Азирети Умар атындагы Ислам институтуна айланган.

Өлкөбүздөгү мусулман коомчулугунун арасында абройго жетише алган институт 2003-жылдын 25-апрелиндеги Кыргызстан Мусулмандарынын II курултайынын жана Уламалар Кеңешинин чечими менен университет статусуна ээ болуп, Кыргызстан Ислам Университети (КИУ) деп аталып калган.

Медресе учурунда 4 гана устаз болгон болсо, институт кезинде (1998-ж.) 12 мугалим (устаз) жана 200дөн ашуун окуучу (талаба) болгон. Азыркы учурда университетте 70 ке жакын окутуучу эмгектенип, өлкөбүздүн ар кайсы аймагынан жана башка өлкөлөрдөн келген 800 дөн ашуун студент билим алууда. Окутуучулардын курамында араб мамлекеттеринен келген илимдин докторлору жана доценттери да бар.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин №936/1 буйругунун негизинде 2017-жылдын 7-июлунда Кыргызстан Ислам Университетине билим берүү тармагында билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия берилди. Лицензиянын негизинде Кыргызстан Ислам Университети бүтүрүүчүлөгө мамлекеттик үлгүдөгү диплом берет.

КИУда учурда “Теология жана табияттык-гуманитардык сабактар”, “Араб-тили” жана “Шарият” кафедралары иш алып барууда.

Кыргызстандагы диний окуу жайлардын флагманы болгон Кыргызстан Ислам Университети Ислам тармагындагы жогорку билимдүү диний кызматкерлерди, дин адистерин даярдап келүүдө. КИУнун бүтүрүүчүлөрү жогорку Ислам окуу жайын бүтүп, “Араб тили жана шарият илимдери” адистиги боюнча дин тармагында жогорку даражадагы мударрис адистиги дипломуна ээ болушат. Университеттин бүтүрүүчүлөрү дин тармагындагы бардык жааттарда, ошондой эле ЖОЖдордо, элчиликтерде да алгылыктуу иштеп, диний үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, мамлекетибизге өз салымдарын кошуп келүүдө.

Кошумча кесиптик билим

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын окуу бөлүмү, 2014-жылы болуп өткөн Коргоо Кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууда, диний билим берүүнүн сапатын арттыруу жана диний билим менен кошо светтик жана кесиптик билим берүүнү жайылтууда чоң аракеттерди жасады.

2014-жылдын октябрь айынан тарта Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкар-малыгынын окуу бөлүмү “АВЕП” коомдук фонду менен биргеликте өнөктөштүк негизде алгачкы алаканы баштаган. Аталган коомдук фонд менен Кыргызстандагы эң алгачкы “Медресе – айыл жергесинде кесиптик окутуу” аталышындагы долбоорду баштап, анын алкагында медреседе билим алып жаткан окуучуларга кесиптик билимге окутуу, аларга өнөр үйрөтүү жана эртеңки күнү алар коомдон татыктуу орун табуусун максат кылат. Алгач медресе мугалимдери үчүн билим берүүнүн методикасы, чарба жүргүзүүнүн эрежелери жана мекеме үчүн инвестиция же колдоо тартуунун жолдору сымал бир канча тренингдер уюштурулган. 2015-жылдын башынан тарта Чүй жана Бишкек аймагында жайгашкан медреселердин арасынан географиялык жана базалык шартын эске алуу менен тандоо жүргүзүлүп, натыйжада 5 медресе тандалып алынган.

Тандалып алынган медреслер:

Бишкек шаарындагы “Абдулла бин Масъуд” медресеси,

Кара-Балта аймагынан “Куран-Нуру” Ислам Институту,

Токмок аймагынан “Нур ал-Ислам” медресеси,

Жогорку аймактан Арашандагы “Абдулла бин Аббас” медресеси,

Төмөнкү аймактан “Равза” медресеси.

Географиялык жактан жайгашкан ордуна жараша ар бир медресеге жакын жайгашкан медреселердин окуучулары да келип билим алуусун эске алып, бул долбоорго Чүй жана Бишкек аймагынан 25 медрсесе катышуусу каралган. Тандалып алынган медреселер үчүн эмгек чөйөрөсүн изилдеп көрүп, эң өтүмдүү кесип катары төрт кесип тандалды. Ал кесиптер

“ашпозчулук”, “тигүүчүлүк”, “ширетүүчү” жана “электрик”.

2015 – 2016- жылдар арасында эки жылдык мөөнөттө аткарылган бул долбоор аркылуу медреседе билим алып жаткан окуучулардан беш жүздөн көбү атайын кесиптик билим алып күбөлүктөргө ээ болушту. Алардын арасынан бир нечеси алган кесиби менен иштеп өзүнө жана жакындарына пайда алып келүү менен коомдон өз ордун таап пайдалуу кесипкөйлөрдөн боло алышты.

2017-жылдын башынан тарта бул долбоорду түштүк аймагына жайылтууну көздөп, өлкөбүздүн экинчи борбору болгон Ош шаарында атайын презентациялык жыйын уюштурулду. Буга чейин өнөктөш болуп келген “АВЕП” коомдук фонду менен бирге -ликте эки жылдык долбоор эми түштүк аймагында жайгашкан медреселер үчүн кыз -мат кылат. Алгачкы тандоо түштүк аймагы үчүн да жакшы кесиптердин эшигин ачты.

Ош облусундагы “Абдужапар” Ислам Институту “Компьютердик сабаттуулук” кесиби боюнча долбоорго кирди, ал эми “Ашпозчу-кондитер” кесиби боюнча Жалал-Абад облусундагы “Имам-Азам” медресесине ыйгарылды, “Тигүүчүлүк” кесибине окутуу Баткен облусунун “Имам-Азам” медресесине берилди.

2018- жылдын башталышы менен кесиптик шыктарга окутуу долбоору дагы жаңы кадамдарга барды. Бул жылы долбоордун көлөмүн республикалык деңгээлге көтөрүп, ар бир облус жана борбор шаарлар үчүн дагы бирден диний окуу жайга кесиптик окутууну ишке ашырып турабыз. Аллах тааланын каалоосу менен бул окуу жайлардан келечекте коомго керектүү деген кесиптерди үйрөнгөн кесипкөйлөр чыгат деген үмүттөбүз. Акыркы кабыл алынган кесиптердин ичинде өзгөчөлөнгөн бир кесип кошулду. Ал “Балчылык жана багбанчылык” кесиби. Жаратылышыбыз жана жашоо шартыбыз ыңгайлашкан чөйрө үчүн бул кесип абдан маанилүү жана натыйжалуу болот деген тилегибиз бар.

Бул жылы долбоорго кирген диний окуу жайлар төмөнкүлөр:

1 — Ысык-көл облусунан, «Исагалы Сабира» атындагы медресе «Ашпозчу-кондитер» кесиби боюнча.

2 — Нарын облусунан, «Нарын» медресеси «Ашпозчу-кондитер» кесиби боюнча.

3 – Талас облусунан, «Чет тилдер кыздар» медресеси «Тигүүчүлүк» кесиби боюнча.

4 –Токмок шаарынан, «Амина – Ажы» медресеси «Тигүүчүлүк» кесиби боюнча.

5 – Чүй облусунан, «Аль Фарук» медресеси «Балчылык — Багбанчылык» кесиби боюнча. 6 – Бишкек шаарынан, «Мааткабыл уулу Шаршенбай» атындагы медресе «Ашпозчу-кондитер» кесиби боюнча.

7 – Баткен облусунан, «Муаз Ибн Жамал» медресеси «Ашпозчу-кондитер» кесиби боюнча.

8 – Жалал-Абад облусунан, «Аз-Захра» медресеси «Жыгач эмерек жасоочу» кесиби боюнча.

9 – Ош облусунан, «Абдираим кары» медресеси «ПК оператору» кесиби боюнча.

10 – Ош шаарынан, “Козу кызы Бурмакан” медресеси «Тигүүчүлүк» кесиби боюнча.

Мына ушундай тартипте медреседе окуучулары өздөрүнө өнөр таап, келечектеги кесиптерин үйрөнүп жаткан учуру.

Окуу бөлүмдүн максаты

Диний билим берүүчү окуу жайлары үчүн, окуу пландарын жана зарыл болгон иш пландарын даярдап берип, көзөмөлдөө аркылуу келечектеги билими терең, адеби жогору, коом менен жуурулуша алган, алардын көйгөйүн түшүнүү менен дин илиминин чегинде чече билген жөндөмдүү кадрларды даярдоо.

Функциялары

КМДБ окуу бөлүмүнүн функциялары:

Камсыздоо жаатында:

Республиканын аймагында жайгашкан бардык диний билим берүүчү окуу жайларды бирдиктүү окуу планы менен камсыздайт,
Кыргыз республикасынын билим берүү мыйзамына ылайык чыккан жарлык, токтомдор менен кабардар кылат,
Аалымдар кеңешинен жана КМДБнын жетекчилигинен чыккан буйруктарды, тапшырмаларды, көрсөтмөлөрдү өз мезгилинде жеткирет,
КМДБ аркылуу жыйналаган садака битирден бөлүнгөн каражаттарды таркатат,
КМДБ аркылуу берилген материалдык колдоолорду ишке ашырат,
Колдонмо адабияттар, басылмалар, диний адабияттар жана Курани Карим китеби менен камсыздап турат (мүмкүнчүлүкө жараша),
Кышкы мезгилде көмүр отун менен муктаж болгон медреселерге фонддор аркылуу шартка жараша камсыздайт,
Агартуу жаатында:

Окуу жай жетекчилери жана мугалимдери үчүн атайын тренинг, семинар жана конференцияларды уюштурат.
Окуучулар үчүн мезгил –мезгили менен жолугушууларды, тегерек столдорду жана тарбиялык сааттарды өткөрөт.
Ар бир окуу жай ичинде дубал гезиттерин жана адабий чыгармачылыктын кружокторун уюштурууну көзөмөлдөйт.
Мугалимдер үчүн чет өлкөлөргө практикалык иш сапарларын уюштурат.
Окуу жай жетекчилерин жана мугалимдердин квалификациясын көтөрүү максатында атайын окуу семинарларды уюштурат.
Куран жарыштарын жана башка акыл таймаштарын уюштурат. Анын ичинде ички жана сырткы (эл аралык) жарыштар үчүн татыктууларды тандап жиберет.
Көзөмөл жаатында:

Окуу процессинин жүрүүсүнө көзөмөл кылат,
Бирдиктүү окуу планынын ишке ашуусун,
Окутууда мазхабдык жана акыйдалык багыттын сакталуусун,
Окуучулардагы адеп-ахлактык жана тарбиялык чектин төмөндөбөөсүн,
Билим алып жаткан окуучулардын арасында деструктивдүү пикир таркаткандарга жол бербөөнү,
Окуучулардын арасында зомбулук жасалбоосуна,
Ар бир жарым жылдыктын аягында окуу жайлардан окуу процессине тиешелүү отчетторду алат.
Жыл жыйынтыгы экзамендеринде аттестациялык комиссиянын иш алып баруусун көзөмөлдөйт,
Аялдар борборлору

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы коомубуздагы өтө манилүү катмар катары аялдар катмарын карайт. Ал негизде бир канча алгылыктуу иштер аткарылды. КМДБнын структуралык бөлүгү катары кызмат кылып келген шаардык жана облустук казыяттардын алдында аялдар борборлору ачылган.

Бул ачылган борборлордун негизги максаты аялдардын диний сабатын көтөрүү менен бирге ар кандай агымдардын таасиринен аялдар катмарын сактап калуу. Радикалдык жана терс көз караштагы топтордун коомубуздагы аялуу катмарга аралашуусунун алдын алуу болуп саналат.

АЯЛДАР ОКУУ БОРБОРУНУН МААЛЫМАТЫ

МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА ИШ-АРАКЕТТЕРИ

Борбордун негизги максаты: Исламдын сунниттик багытын Абу Ханифа мазхабы боюнча окутуу жана дин кызматкерлерин, даярдоо.

Борбордун негизги милдеттери:

Кыз-келиндерди Ханафий мазхабынын жана Ахли сүннөт ишеничинин негизинде окутуп руханий жана ыйман жактан тарбиялоо жана турмушка даярдоо;
-окуучуларды дин кызматынын чебер адиси кылып окутуу;

-сабактарды сапаттуу даражада өтүүнү камсыздоо;

такай окутуу жолдорун, ыкмаларын жана окуучулардын тарбиясын жакшыртуу;
-республикабыздагы жана чет мамлекеттеги Ислам окуу жайлары менен байланыш түзүү;

-окуучулардын керектүү окуу жана жашоо шартын камсыздоо;

-Борбордун Түзүүчүлөрүнүн, Кыргызстан мусулмандар Курултайынын, Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кенешинин, КМДБнын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чечимдерин иш жүзүнө ашыруу:

Борбор ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, уставдык максаттарга жана милдеттерге ылайык диний кайрымдуулук иш-чараларын, маданий-агартуу, билим берүү, өндүрүштүк-чарбалык, басып чыгаруу жана башка түрдүү ишмердүүлүктү жүргүзөт:

Борбор ошондой психологиялык жана руханий ыкмалардын жардамы менен зордук-зомбулукка учураган аялдардын жана кыздардын психикасынын калыбына келүүсүнө көмөк көрсөтөт:

Борбор Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка мыйзамдык актыларын сактоого, жарандардын, мамлекеттик, коомдук жана башка уюмдардын кызыкчылыктарына доо кетирбөөгө милдеттүү:

Козу кызы Бурмакан атындагы аялдардын диний окуу борбору боюнча маалымат

2014-2018-окуу жылында жалпысы 719 окуучу талим алып жатат.

Ош шаарындагы Козу кызы Бурмакан атындагы аялдардын диний окуу борбору 2014-жылы сентябрь айында өз ишмердүүлүгүн баштаган.

2015-2016 окуу жылында окуу борбордо 23 кыз Курани-Каримди толук жаттап, «Хаафиза» деген даража менен күбөлүк алды.

2016-2017 окуу жылында 62 кыз Курани-Каримди толук жаттап, «Хаафиза» деген даража менен күбөлүк алды.

Жалал-Абад облусунун аялдардын окуу борборлору боюнча маалымат

Жыйынтыгында облус боюнча 681 кыз келиндер салттуу ислам динибиздин Матуриди акыйдасынын негизинде Ханафий мазхабында диний маалыматтарды алып жатышат. Жалпысынан 43 мугалим эмгектенүүдө.

Баткенде 330 аялга сабык өткөрүлүп келет.
Бшкекте 200 гө жакын аялга сабык өткөрүлүп келет.
Чүйдө 20 аялга сабык өткөрүлүп келет.
Ысык-Көлдө аялга сабык өткөрүлүп келет.
Таласта 20 аялга сабык өткөрүлүп келет.
Ош облусунда 219 дан ашык аялга сабык өткөрүлүп келет.
Эскерте кетчүү нерсе ош облусунда 2, ош шаарында 1 аялдар окуу борбору расмий ДИМКтин күбөлүгү менен иш жүргүзүп келет.
Калган аймактагы иштеп жаткан аялдар окуу борборлору мечиттерде жана үйлөрдө иштерин жүргүзүп келет.

Учурда 1935 тен ашуун аялдар окуу борборлорунда билим алышууда.

Диний окуу жайлардын материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн берилген жардамдар.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2014- жылдан тарта диний окуу жайларга колдоо көрсөтүүнү жандантып, бүгүнкү күнгө чейин бир канча колдоолорду суна алды. Диний окуу жайларыбыз мамлекеттик бюджеттен колдоо албаган себебинен дайыма жеке жарандардын гана демилгесине калтарылып келген. КМДБ өзүнүн жеке аракеттерине таянып аз да болсо окуу жайлардын материалдык техникалык сапатын жакшыртууну максатка койгон. Натыйжада диний билимканалардын басымдуу бөлүгү талапка ылайык деңгээлге чыга алышты.

КМДБ өлкөбүздө ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан кайрымдуулук мекемелери менен бирге мезгилдик жардамдарды да окуу жайлар үчүн жүргүзүп келет. Өзгөчө ооз ачыруулар, кыш учурунда көмүр отун сымал жардамдарын уюштуруп келет.

Куран жарыштары жана илим-билим, спорт таймаштары.

2017-жылы өткөрүлгөн конкурстар

Куран жарыштары:

10-02/13-04-2017- КМДБ Куран жарышы уюштурулду.
06/07/2017-ж. КМДБ Ихсан Хайрия фонду менен биргеликте Республикалык Куран жарышы өткөрүлдү.
КМДБ “Салам” кайрымдуулук фонду менен бирге Кыргызстан Республикалык Куран жарышын уюштуруп финалдык бөлүгүн 2017ж. 31-август күнү Сокулук районуна караштуу Белек айылында өткөрүлдү.
Илимий жана спорттук жарыштар:

10-02/02-04-2017- Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Адеп башаты фонду, Ыйман, адеп-Жаркын келечек атуу китеп окуу жарышы уюштурду.
2017 май-июнь айларында диний окуу жайлар арасында волейбол боюнча спортук мелдеши уюштурулду (түштүк, түндүк региондо, финал Бишкек шаарында өткөрүлдү.
2018-жылы өткөрүлгөн конкурстар

Кыргызстан Республикасында өткөрүлгөн Куран жарышы.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы “Ихсан Хайрия” менен биргеликте Февраль айында республика боюнча тандоо Куран жарыштарын өткөрдү. Финалдык бөлүгү Бишкек шаарынын борбордук мечитинде 2018 ж.1-3 март күндөрү өткөрүлдү.
Март 2018 жылы КМДБ “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду менен Куран жарышын уюштуруп 26-март 2018ж. “Кааба уулу Кожомкул” спорт сарайында финалдык бөлүмү өткөрүлдү.
Бишкек шаарында 28/01 2018 ж. олимпиада өткөрүлдү. КМДБнын окуу бөлүмү “Адеп Башаты” прогрессивтүү коомдук фонду менен биргеликте Кыргызстандагы диний окуу жайларынын окуучуларын окууга кызыктыруу жана жөндөмдүүлүгүн өстүрүү максатында Чүй облусунун жана Бишкек шаарындагы диний окуу жайларынын арасында араб тили жана Шарият илими боюнча олимпиада уюштурулду. Олимпиада орто жана жогорку окуу жайлардын ортосунда өттү. Жеңичүүлөргө баалу белектер каралган. Жогорку билим берүү окуу жайлардын ортосунда өткөн олимпиданын жеңүүчүлөрүнө 1-орунга компютер, 2-орунга планшет, 3-орунга мобилдик телефон. Орто билим берүү окуу жайлардын жеңүүчүлөрүнө 1-орунга планшет, 2-орунга планшет, 3-орунга мобилдик телефон каралган.

 

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Бакшармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Бакшармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмү билим берүү тармагы боюнча Кыргыз Республикасынын Концепциясынын «диний билим берүүнүн сапатын артыруу боюнча» №37 бөлүгүн ишке ашыруу жаатында өлкө аймагындагы диний билим берип жаткан окуу жайларда билим алып жатышкан студенттердин окутуу систамасын көтөрүү боюнча Аалымдар Кеңеши тарабынан 14-май 2013-жылы №5 токтому бекитилип, диний окуу жайлар үчүн бирдиктүү окутуу программасы иштелип чыккан. Учурда Кыргызстанда 92 медресе иштеп, бирдиктүү окутуу программасынын алкагында иш алып барууда. 2014-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин №19-пунктунун №3 подпунктун ишке ашыруу максатында ар бир диний окуу жайларга эки айда бир жолудан экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүү боюнча буйрук берилип, диний окуу жайларда бир катар иш-чаралар өткөрүлүп келет. Муну менен катар муфтият медреселердеги окуучуларга кошумча билим берүү максатында АВЕП коомдук уюму менен биргеликте Бишкек жана Чүй облусундагы 25 медреседе жана Ош, Жалал-Абад жана Баткан облусунда кесиптик окутууну ишке ашырды. Студенттер ширетүүчүлүк, электрик, ашпозчулук, көмпютердик сабаттуулук жана тигүүчүлүк кесиптери боюнча билим алышып, өздөрүнүн тажрыйбаларын жогорулатышууда. Ал эми Муфтият диний окуу жайлардын сапатын артыруу боюнча Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы бардык аракеттерди жасап, ар жылы материалдык жактан колдоо көрсөтүп, алардын техникалык базаларын бекемдеп келет. Ошондой эле келечекте диний окуу жайлар үчүн электрондук база түзүү боюнча баштапкы иштер жасала баштады.


Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын №303 буйругунун негизинде 2013-2014 окуу жылына карата диний окуу жайларга киргизилген жаңы программанын ишке ашуусун көзөмөлдөө жана окуу жайлардын кышка карата даярдыгын текшерүү комиссиясынын жыйынтык маалыматы.

Текшерүү комиссиясы 25 медресеге барып ал-абалы менен жеринде таанышып, окуу программалары, класстык журналдары, окуу жадыбалын, китеп кана жана аш-каналарын текшерүү менен диний окуу жайлардын окуу сапатына карай өзүнчө, техникалык абалына өзүнчө баа беришти. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда мамлекеттик каттоодон өткөн 28 медресе бар болсо, алардын арасынан 25 медресе бүгүнкү күндө иштеп келет. Бишкек шаарындагы окуу жайлар сапаты жактан алдынкы окуу жайлар экени аныкталып, КМДБ тараптан берилген бирдиктүү окуу программа окутулуп жаткандыгы маалым болду. Ал эми Сокулук районундагы «Тирмизий», «Мадина», «Умар», «Имам Аззам», Аламүдүн районундагы «Мадамин», «Умур бин Хаттаб» медреселерине окуу бөлүмдөрүн оңдоп-түзөө, жатаканаларын таза кармоо жана окуу шаймандарын толуктоого тапшырмасы берилди. Аталган диний окуу жайларды көзөмөлдөө Чүй казыятына жана Сокулук районунун баш имам хатибине тапшырылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча:

Сокулук жана Аламүдүн районундагы «Тирмизий», «Мадина», «Умар» жана «Имам Аззам», «Мадамин», «Умур бин Хаттаб» медреселерине окуу бөлмөлөрүн оңдоо, жатаканаларын таза кармоо жана окуу шаймандарын толуктоо үчүн жардам берүү жана чечимди ишке ашуусун көзөмөлдөө облустук казыятка тапшырылды. Ал эми «Умар» жана «Имам Аззам» медреселерине материалдык жардам көрсөтүү сунушу Муфтиятка тапшырылды.

Төмөндө аталаган окуу жайлар окуу жагынан жана шарты, абалы жагынан жакшы болгондуктан эң алдыңкы 10 медреселер категориясына киргизилди.

Кыргызстан Ислам Университети
“Абдулла бин Масъуд” медресеси
«Көлмө» медресеси
“Хазрети Осман” Ислам институту
“Куран нуру” Ислам институту
«Чахокадым» медресеси
«Равза» медресеси
«Ала-Too» медресеси
«Абдулла ибн Аббас» медресеси
«Абу Бакр Аль-Сыдык» медресеси
«Токмок» медресеси
«Имам Азам» медресеси


2013-жылдын 10-15-апрель күндөрү Кыргызстандагы диний окуу жайлардын мугалимдерине өткөн «Исламда билим берүүнүн инновациялык методикалары» аттуу семинарынын жыйынтыгы

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2013-жылдын 10-15-апрель күндөрү «Исламда билим берүүнүн инновациялык методикалары» аталышындагы илимий-практикалык семинар уюштурду. Семинардын ачылыш аземи 2013-жылдын 10-декабрында Бишкек шаарындагы Улуттук Тарых музейинде өткөрүлсө, семинардын калган бөлүгү Бишкек шаарындагы «Аль-Ыйман» мечитинде улантылды. Семинарга Кыргызстандагы жалпы медресе мүдүрлөрү, мугалимдери, Кыргызстан Мусулмандарынын Азрети Муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев жана коноктор катышышты. Муну менен катар семинарга БДЖАнын өкүлү Мухаммад Маази, КР билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынан Элдар Аттокуров, МУКК кызматкери А.Юсупов, КР Президентинин Аппаратнын этностук диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн өкүлү Нуржигит Надырбекрв, ДИМКтин директору Абдилатиф Жумабаев, САПтын Кыргызстандагы элчисинин жардамчысы Багышов Улан катышып, өздөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

«Исламда билим берүүнүн инновациялык методикалары» аталышындагы илимий-практикалык семинар алкагында жаңы окуу программанын долбоору менен тааныштыруу, мүдүрлөрдүн сунуштарын кабыл алуу менен бирге диний билим берүүнүн бирдиктүү системасы жана бирдиктүү стандарттарын талкуулашты. Ал эми семинардын жыйынтыгында диний билим берүүнүн системесы, стандарттары жана бирдиктүү окуу программасынын долбоору жөнүндө бардык медреселердин мүдүрлөрү менен биргеликте Кыргызстандагы бардык диний окуу жайларга окуунун бирдей системасын, окууга киргизилген предметтер жана окуу материалдарынын бир системага салынышы боюнча бир пикирге келишти.

Окууга кабыл алуу документтери.

Диний окуу жайларга тапшыруучу абитуриенттердин документ кагаздарын бирдей калыпка келтирүү.

Арыз
Аттестат же күбөлүк
Мед справка — 086У
Сүрөт 3X4 өлчөмүндө
Мүнөздөмө, аныктама, жолдомо
Медресени бүткөндүгү тууралуу күбөлүгү
Окутуунун бирдей формасы
Бирдиктүү программа.
Бирдиктүү иш кагаз.
КМДБнын Диний билим берүүнүн системасы;
Башталгыч окуу жайлар — күбөлүк
Башталгыч медресе — 2-3 жыл.
Каарыкана 1 мектеп менен чогуу 2-3 жыл
Куран жаттоо курсу 16-20 жаш
Мечит алдындагы даярдоо курстары 14-16 жаш
Диний лицей 3-4 жыл
Жогорку окуу жайлар — диплом
Университет 5 жыл, 18-40 жаш
Институт 4-5жыл, 18-40 жаш
Медресе 4-5 жыл, 16-35 жаш
КМДБнын Диний билим берүү стандарты
Бирдиктүү Д и п л о м
Университет үчүн: Шарият адиси, мударрис, араб тили мугалими.

Институт жана Медресе үчүн: Шарият адиси, мударрис.

Диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө окуу жайлардын даражасына карап Муфтият көрсөткөндөй бир стандарттагы дипломдор берилет. Ошондой эле окуусун ийгиликтүү бүтүргөн студенттер башка медреселерде мударрис болуп иштөөгө мүмкүнчүлүктөр берилет.

Окуу куралдары:

Куран
Тажвид
Куран мааниси
Куран илими
Хусну хат
Тафсир
Араб тили
Нахв
Сарф
Хадис
Хадису суду
Фикх
Фикху суду
Мурас
Шарият тарыхы
Акыйда
Балагат
Ислам тарыхы
Хаятус сахаба
Мантык
Дин психологиясы
Дин педогокикасы
Кыргыз тили
Кыргыз адабияты
Орус тили
Чет тили
Геоерафия
Инфарматика
Дене тарбия
Кошумча сабактар.
Семинардын жыйынтыгында катышуучулар жогоруда айтылынган сунуш-пикирлерди, чечимдерди кабыл алышып, мындай иш чараларды жыл сайын уланып туруу бүтүмүн чыгарышты.


2013-2014-окуу жылына карата диний окуу жайларга киргизилген жаңы окуу программанын ишке ашуусун көзөмөлдөө комиссиясынын жыйынтыгы боюнча маалымат

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Максатбек ажы Токтомушевдин тапшырмасы менен диний окуу жайлардын бирдиктүү окуу программасын ишке ашыруу жараянын жеринде текшерип, мониторинг жүргүзүү максатында жана Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү концепциясынын алкагында Ош облусунун айрым диний окуу жайлары жеринде текшерүүгө алынды. Текшерүү комиссиясын Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов жана Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев коштоп жүрүп, диний окуу жайлардын окуу процессине жеринде күбө болушту. Текшерүү учурунда окуу жараянына байланышкан бардык дкумент иштери текшерилди.

Атап айтсак: «Окуу программасы», «Сабак жадыбалы», «Окутуучулук курамы», «Окуу жайдын техникалык шарттары» жана биринчи жарым жылдыктын жыйынтыктары каралды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча «Абдирайим каары» медресеси Кыргызстандагы үлгүлүү диний окуу жайлардын катарын толуктоо менен бирге эле окутуунун усулдук жаатында айрым маселелер байкалып, тийиштүү багыттар көрсөтүлдү. Ал эми «Абдурахман ибни Ауф» медресесинде окуу китептери жетишсиз экендиги байкалып, окуу жараянына байланышкан документтерди ирээттештирүү тапшырмасы берилсе, «Имам аль Бухарий» медресесинде шарттар бардык талапка ылайыктуу деп табылып, бирок ошол эле учурда окуу программасындагы айрым мүчүлүштүктөр бар экендиги жана окуу куралдарынын жетишсиз экендиги аныкталган. Муну менен катар кээ бир диний окуу жайлардын окуу журналы бар, бирок эрежеси менен толтурулбагандыгы үчүн аларга журналды толтуруу эрежелерине көңүл буруу тапшырмасы берилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында диний окуу жайларда катталган кемчиликтерди жоюу боюнча Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Равшан ажы Эратов тарабынан эскертүү берилип, иш аракеттерди казыят аркылуу жүргүзүлүүсү керектиги боюнча медресе мүдүрлөрүнө жана башкы имам хатибдерге тапшырмалар берилди.

Казыяттарга медреселердин документтерин иреттештирип, окуу пландарын, жадыбалдарын бирдиктүү иштеп чыгууну колго алуу тапшырмасы берилди. Жыйынтыктап айтканда диний окуу жайлар Өкмөттөн жардам көрсөтүлбөгөндүгүнө карабастан медреселердин көпчүлүгүнүн окуучулар үчүн түзгөн шарттары жакшы деп аныкталды.


Билим – жакшы жашоонун ачкычы

Кесипке ээ болуу — коомдон ордун табуу

Кыргызстан Мусулмандарынын Диний Башкармалыгынын окуу бөлүмү 2014-жылы болуп өткөн Коргоо Кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууда, диний билим берүүнүн сапатын арттыруу жана диний билим менен кошо светтик жана кесиптик билим берүүнү жайылтууда чоң аракеттерди жасады.

2014-жылдын октябрь айынан тарта Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү “АВЕП” коомдук фонду менен биргеликте өнөктөштүк негизде алгачкы алаканы баштаган. Аталган коомдук фонд менен Кыргызстандагы эң алгачкы “Медресе – айыл жергесинде кесиптик окутуу” аталышындагы долбоорду баштап, анын алкагында медреседе билим алып жаткан окуучуларга кесиптик билимди жайылтуу, аларга өнөр үйрөтүү жана эртеңки күнү алар коомдон татыктуу орун табуусун максат кылат. Алгач медресе мугалимдери үчүн билим берүүнүн методикасы, чарба жүргүзүүнүн эрежелери жана мекеме үчүн инвестиция же колдоо тартуунун жолдору сымал бир канча тренингдер уюштурулган. Бул иш-чараларды да “АВЕП” коомдук фонду каржылады. 2015-жылдын башынан тарта Чүй жана Бишкек аймагында жайгашкан медреселердин арасынан географиялык жана базалык шартын эске алуу менен андоо жүргүзүлүп, натыйжада 5 медресе тандалып алынган.

Тандалып алынган медреслер:

Бишкек шаарындагы “Абдулла бин Масъуд” медресеси, Кара-Балта аймагынан “Ку-ран-Нуру” Ислам Институту, Токмок аймагынан “Нур ал-Ислам” медресеси, Кой-таш аймагынан Арашандагы “Абдулла бин Аббас” медресеси, Жаңы-жер аймагынан “Равза” медресеси.

Географиялык ордуна жараша ар бир медресеге жакын жайгашкан медреселердин окуучулары да келип билим алуусун эске алып, бул долбоорго Чүй жана Бишкек аймагынан 25 медрсесе катышуусу каралган. Тандалып алынган медреселер үчүн эмгек чөйөрөсүн изилдеп көрүп, эң өтүмдүү кесип катары төрт кесип тандалды. Ал кесиптер “ашпозчулук”, “тигүүчүлүк”, “ширетүүчү” жана “электрик”.

2015 – 2016- жылдар арасында эки жылдык мөөнөттө аткарылган бул долбоор ар-кылуу медреседе билим алып жаткан окуучулардан беш жүздөн көбү атайын кесиптик билим алып күбөлүктөргө ээ болушту. Алардын арасынан бир нечеси алган кесиби менен иштеп өзүнө жана жакындарына пайда алып келүү менен коомдон өз ордун таап пайдалуу кесипкөйлөрдөн боло алышты.

2017-жылдын башынан тарта бул долбоорду түштүк аймагына жайылтууну көздөп, өлкөбүздүн экинчи борбору болгон Ош шаарында атайын презентациялык жыйын уюштурулду. Буга чейин өнөктөш болуп келген “АВЕП” коомдук фонду менен биргеликте эки жылдык долбоор эми түштүк аймагында жайгашкан медреселер үчүн кызмат кылат. Алгачкы тандоо түштүк аймагы үчүн да жакшы кесиптердин эшигин ачты.

“Компьютердик сабаттуулук” боюнча Ош облусундага “Абдужапар” Ислам Институту долбоорго кирди, ал эми “Ашпозчулук” кесиби Жалал-абад облусундагы “Имам-Азам” медресесине ыйгарылды, “Тигүүчүлүк” кесибине окутуу Баткен облусунун “Имам-Азам” медресесине берилди. Мына ушундай тартипте медреседе билим алып жаткан окуучулар өздөрүнө өнөр таап, келечектеги кесиптерин үйрөнүп жаткан учурлары.