Айт күнү — майрам күнү! Өлгөн жакындарды эстеп ый, кайгы менен өткөрө турган күн эмес.
Курбанчылык же курбан айт десе тилекке каршы эл арасында курбанчылыкты салт катары өткөрөт же өтүп кеткен туугандарды эстеп айт күнү ошолордун атына атап союш союп (атамдын айты, апамдын айты дегендей) эл чакырып Куран окутууну жана башка шариятта жок нерселерди кылууну курбанчылык деп түшүнгѳндѳр бар.
Акыйкатта курбанчылык кылуу шариятта өзгөчө чоң ибаадат жана Исламдын белгилеринин бири болуп эсептелет. Шариятта жылына эки чоң майрам бар. Бири орозо айт майрамы, экинчиси Курбан айт майрамы. Бул эки майрамда мусулмандар сүйүнүп жаңы кийимдерди кийип, үй-бүлөсү менен туугандары, достору, кошуналары менен чогулуп күлүп-жайнап бири бирине конок болуп, белек тартуулап, өткөн-кеткен жакшылыктар жөнүндө аңемелешип өткөрө турган күн. Андыктан майрамды майрамдай тосуп, майрамдай күлүп жайнап Аллага шүкүр кылүү менен өткөрүш керек. Бирок бул күн кээ бирөөлөр түшүнгөндөй өткөн жакындарын эстеп көшөгөнүн артында өкүрүп ыйлап , куран окутуп, таң ата электе кабырына баруу күнү эмес. Бул амал, салт, адат шариятта жок нерсе.
Курани Каримде Аллах Таала «Кавсар» сүрөсүндө Ѳзүнүн элчисине өкүм берген:
فصل لربك و أنحر….
Алланын атына, Аллах үчүн намаз оку! жана Аллах үчүн (мал союп) курбанчылык кыл!
Намаз Алла үчүн гана окулгандай эле, курбанчылык дагы Аллага гана аталып союлат. Башка дагы аятта ушул эле мааниде башка сөз менен төмөндөгүдөй деп айтылган:
إن صلاتى ونسكى ومحياى ومماتى لله رب العلمين….
Чындыгында, менин намазым, менин баардык кылган ибаадаттарым (мал союп курбан кылуу дагы ибадатка кирет) менин жашоом менин өлүмүм бардык ааламдын ээси Аллах үчүн! (Тафсир Ибн Касир)
Пайгамбарыбыз ﷺМеккеден Мадинага хижрат (көчүп) келгенден кийин он жыл жашаган. Ар жылы үзбөй (каза) кылбай курбанчылык кылган. Ошондой эле, Пайгамбарыбыз ﷺ үммөтүнө ар дайым насаат кылып, курбанчылык кылууга үгүттөп турган.
Мына ушул себептен (шариятыбызда) уламалар курбанчылык кылууну важиб деп айтышкан. Ошондой эле курбанчылык бир эле Мекке шаарына гана таандык эмес, ал амал жер жүзүндөгү ар бир колунда бар мусулман адамга важиб болуп эсептелет.
Курбанчылык кылуу кимдер үчүн важиб?
1-Курбанчылык ар бир акыл-эси сак саламат болсо
2-Мусулман болсо
3-Муким (сапарда болбогон) болсо
4-Балагатка жеткен болсо
5-Колунда бар, зекет фарз болгон бай адамга важиб.
Ушул беш шарт бир адамдан табылган болсо ал адам үчүн курбанчылык кылуу ваажиб болуп эсептелет. Кимге зекет важиб болсо ошол адамда зекеттин өлчөмүнөн башка дагы күнүмдүк зарылчылыктан тышкары б.а шарият урксат бербеген буйумдардын дагы базар баасына карап зекеттин өлчөмүнө кошулат. Мисалы бирөөнүн зекет өлчөмүнө 10000 миң сом жетпейт, демек курбанчылык важиб эмес, бирок үйүндө 10000 сомдук гитара же пианина бар ошону баасын кошсо ага зекет чыгаруу фарз болот, зекет фарз болгондон кийин курбанчылык кылуу дагы зарыл болот.
Зекет менен курбанчылыктын айырмасы:
Зекетте зекеттин өлчөмүнө ээ болгондон бир жылдан кийин зекет берүү фарз болот. Ал эми курбанчылыкта ошол курбан айт күндөрү гана зекеттин өлчөмүндө акчасынын болуусу шарт, бир жыл өтсүн деп күтпөйт.
Мисалы: Эгер аял кишинин өзүнө тийешелүү акча же алтын күмүшү, малы болуп ал зекеттин өлчөмүнө жетсе, анда ал аял үчүн курбанчылык кылуу жеке өзүнө гана важиб болот. Эркекке жубайы тарабынан курбанчылык кылуу зарыл эмес. Албетте жубайы эгер менин атыман дагы курбанчылык кылып коюңуз десе анда кылса болот.
Ошондой эле балагатка жеткен уул, кыздар үчүн дагы атасы курбанчылык кылбайт. Эгер алардын колунда байлыгы болсо, анда аларга дагы курбанчылык кылуу важиб болот.
Мисалы: Курбандык важиб болбой туруп эгер ал курбандык кылуу ниетинде мал сатып алса, анда ага ошол малды курбандыкка сойуу важиб болот.
Курбандык кылуу күндөрү.
Курбанчылыктын ибаадаттары үч күн: Зул Хижжа айынын ону(10), он бири(11), он экиси(12).
Курбан айт күндөрү ушул аталган үч күн.
Башка күндөр курбанчылыктын ибаадат күндөрүнөн эмес.
Ушул күндөрү кайсы убактта болбосун мал союп курбанчылык кылса болот. Албетте, курбандыкты биринчи күнү кылганы абзел. Түндөсү дагы кылса болот, бирок күндүзү кылган жакшы.
Курбандык кылуунун ордуна садака жана башка жакшылык кылуу.
Эгер Курбан айт күндөрү өтүп кетип, кандайдыр бир себептер менен курбандык кыла албай калса, ошол малдын баасын кедей-кембагалдарга садака кылуу важиб болот.
Бирок, Курбан айт күндөрү курбандык сойбой туруп эле садака кылып жиберсе, ал кабыл болбойт жана ар дайым күнөөкөр болот. Себеби, курбандык өзү өзгөчө ибаадат. Намаз окуу менен орозонун фарзы, орозо тутуу менен намаздын фарзы, зекет берүү менен ажылыктын фарзы аткарылбагандай эле жакшылык, садака кылуу менен курбандыктын важиби аткарылбайт. Буга Алланын Элчисинин айткандары, кылган амалы, өкүмү жана сахабалардын амалдары күбө.
Курбан айтка аталган жаныбарды кайсыл убакыттан тарта союп башталат?
Кайсы айыл, кыштак, шаарда жума жана айт намаздары окулуп жүрсө, ошол жерде айт намаздан мурун курбандык кылган болбойт.
Эгер кимде ким намаздан мурун курбандык кылып алса, ага кайрадан курбанчылык кылуу важиб болот.
Бирок, жума жана айт намаздары окулбаган чакан айыл, кыштактарда жергиликтүү элдер зул хижжанын онунчу күнү эртең менен багымдаттын убагы киргенден кийин курбандык кыла берсе болот.
Ошондой эле кайсы бир шаарда Курбан айттын биринчи күнү (онунчу зул хижжада) кандайдыр себептер менен айт намазы окулбай калса, анда шаардын жашоочулары айт намазынын убагы өткөндөн кийин курбандык кылса болот.
Эгерде шаар чоң болуп, ал шаарда айт намазы ар кандай убакыттарда окулса (м.: бир жерде 07:00 дө, бир жерде 07:30,08:00дө) биринчи окулган айт намаздан кийин шаардыктар курбандык кыла берсе болот.
Курбандык кылууга кандай мал жарайт?
Курбаныка чала турган жаныбарлар:
Төө, уй, бука, кой, эчки.
Ал эми жекече бир адам бир кой, же эчки, же кочкор, же текени курбандык кылат.
Жети адам биригип бир уй, же бука, же төө союп курбандык кылса болот бирок, баарынын ниети эт жеш үчүн эмес курбандык үчүн болуу керек. Эгер бир эле адам уй же төө сойгон болсо анда дагы жакшы.
Кой, эчкинин жашы бир жашар болуу керек, бирок козу бир жашардай көзгө толумдуу көрүнсө, анда андай мал дагы курбандыкка жарайт.
Уй, бука, эки жашар; төө беш жашта болуу керек. Андан жашыраагы курбандыкка жарабайт.
Маселе: Эгер, малды базардан сатып алып жатканда сатуучу жашын “бул бир жаш, эки жаш, беш жаш” деп айтса, мал дагы сыртынан ошондой көрүнсө, анда сатуучунун сөзүнө ишенсе болот.
Маселе: Эгер кайсы бир малдын мүйүзү тубаса жок, токол болсо же ортосунан сынып калса, ал малды сойсо болот.
А эгер мүйүзү түбүнөн сынып анын себебинен мал оорукчал болуп калса (баш айланма), андай мал курбандык кылууга жарабайт.
Маселе: Бычылган малды курбандык кылуу жакшыраак болот.
Маселе: Эки көзү, же бир көзү көрбөгөн, же чолок мал курбандык кылууга болбойт. Ошондой эле союла турган жерге чейин өзү басып бара албаган оорулуу мал дагы курбандыкка жарабайт.
Маселе:Кайсы малдын үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөк кулагы же куйругу кесилген болсо ал дагы курбандыкка жарабайт.
Маселе: Кайсы малдын тишинин бардыгы, же көпчүлүгү жок болсо, ал дагы курбандыкка жарабайт. Ошондой эле кайсыл малдын кулагы тубаса жок болсо, аны дагы курбандык кылууга болбойт.
Маселе: Эгер айыбы жок малды сатып алгандан, кийин ошол малдан кандайдыр бир айыбы чыкса (курбандык кылууга болбой турган ) жана сатып алган адам бай эмес (зекет алган адам ) болсо, анда ал үчүн ошол малды курбандык кылса болот. Ал эми сатып алган адам бай (зекет берген адам) болсо, анда ага башка айыбы жок мал сатып алып, курбандык кылуу зарыл.
Курбандык кыла турган малды союнун тартиби.
Эң биринчи бычакты жакшылап курч кылып, анан союла турган жерге малды (кулагынан кармап сүйрөбөй) акырын жетелеп алып барыш керек.
Андан соң, малды жаткырып төрт бутун кыблага каратып койуу керек, ошондо мал кыбылага карап жаткан болот жана бул Куран аятын окуу керек:
{ إِنِّي وَجَّهْتُ وَجْهِيَ لِلَّذِي فَطَرَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ حَنِيفًا وَمَا أَنَا مِنَ الْمُشْرِكِينَ, إِنَّ صَلَاتِي وَنُسُكِي وَمَحْيَايَ وَمَمَاتِي لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ,لَا شَرِيكَ لَهُ وَبِذَلِكَ أُمِرْتُ وَأَنَا أَوَّلُ الْمُسْلِمِينَ,اللّهمّ منك و لك.}
Андан кийин курбандыкка ниет кылып туруп курч бычак менен «Бисмиллаахи Аллоху Акбар» деп тамагынан мууздаш керек. Желкесинен мууздабаш керек. Мууздап жатканда малдын төрт тамыры (каналы) абанын, тамактын жана кандын эки тамыры кесилүү керек.
Бирок ошол төрт каналдын үчөөсү малдын адал болуусу үчүн кесилүүсү шарт (зарыл).
Малды союп бүткөндөн кийин бул дуа окулат:
أللّهمّ تقبّله منّى كما تقبّلت من حبيبك محمّد و خليلك إبراهيم عليهما الصّلوة و السّلام!(مشكوة المصابيح)
Малды башка малдын көз алдында сойбош керек. Мууздалган малды тезинен жүлүндөбөй туруу керек.
Курбандыкка союлган малдын терисин кеспей, абайлап сыйруу керек, башкаларга дагы пайдасы тийсин.
Маселе: Курбандык кылууда ниетти жүрөктөн кылуу жетиштүү, тил менен айтуу зарыл эмес. Эгер өзү сойо албаса, анда башкага сойдурса дагы болот, бирок ошол жерде өзүнүн дагы болгону жакшы.
Курбандык кылуунун адеби.
Курбандыкка деп малды алдын ала алып келип, багуу абзел.
Маселе: Курбандыкка аталган малдын сүтүн саап, же жүнүн кыркып алууга болбойт, эгер ошондой кылынса, анда саалган сүттүн, же кыркылган жүндүн наркын садака кылуу важиб.
Маселе: Эгер курбандыкка союлган малдын ичинен бала чыккан болсо, аны дагы союш керек.
Эгер (курбандык важиб болгон адам) мал сатып келгенден кийин ал жоголуп кетсе же уурдап кетишсе же өлүп калса анда ага башка мал сатып келип курбандык кылуу важиб болот. Эгер сатып алгандан кийин мурунку мал табылып калса, анда экөө тең союлат, бирок экөөнү тең союш важиб эмес.
Ал эми курбандык важиб эмес адамдын малы жоголуп кетсе (нафил курбанчылык кылуу үчүн) анда ага кайрадан мал алып курбандык кылуу важиб эмес. Бирок, жоголгон малы табылып калса, ошондо важиб болот. Эгер курбан айт күндөрү өтүп кеткенден кийин табылса, анда ошол малдын наркын садака кылуу важиб болот.
Курбандык кылган малдын эти.
Маселе: Эгер уй же төөнү 7 адам кошулуп курбандык кылса, анын этин тараза менен так бөлүш керек.
Маселе: Курбандыкка союлган малдын этин үчкө бөлүп бир бөлүгүн өзүнүн үй-бүлөсүнө, бир бөлүгүн туугандарына, дос, кошуна, тааныштарына, бир бөлүгүн кедей кембагалдарга берген абзел.
Кимдин үй-бүлөсү көп болсо, анда ал бардык этти өзүнө алып калса дагы болот. Үй-бүлөсү аз адамдын дагы эттин бардыгын өзүнө алып калуусуна уруксат.
Маселе: Курбандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт (адал эмес).
Маселе: Курбандыкка алынган малды бирөөгө сойдурса жана анын акысына ага ошол малдын этинен же терисин берүүгө болбойт. Анын акысын өзүнчө берүү керек.
Курбандыкка алынган малдын териси.
Маселе: Курбандыкка союлган малдын терисин өзү пайдаланса болот. М: жайнамаз, көлдөлөң, чанач кымыз кыла турган ж.б.у.с. нерсеге иштетүү үчүн өзүнө алып калса болот. Бирок, сатууга болбойт, эгер сатып жиберсе анда анын акчасын садака кылуу важиб. Терини «садака кылам» деген ниет кылбай туруп жөн эле сатууга дагы болбойт.
Маселе: Курбандыкка союлган малдын терисин кандайдыр бирөөнүн акысына берүүгө болбойт, м.: мечиттин имамына же сопусуна акысы үчүн.
Маселе: Курбандыкка союлган малдын терисин жакшы жерге: диний медреселердин окуучуларына садака кылуу сооптуу жана дин жайылтуунун кызматына чоң салым. Бирок, сатылган теринин акчасынан медресенин усаздарына же жумушчуларына айлык деп берген болбойт.
Маселе: Курбандыкка союлган малдын этин же терисин мусулман эмес кедей кембагалдарга дагы берсе болот.
Маселе: Кимде-ким башка өлкөдөн айылдагы ата-энесине же башка туугандарына курбандыкка деген акчасын жөнөтүп «менин атыман курбанчылык кылып койгула» десе дагы жарайт, ал эмес жакшыраак дагы (курбандыктын сообу, тууганчылыктын ортосундагы мухаббаттын бекемделүүсүнүнүн себеби, эгер алар бай болуп туруп курбандык кылбаса, ыктымал сизди көрүп кылаар жана сиздин амалыныз аркылуу дин жеткирүүнүн ыкмасы). Бул айтылган маселе, курбандык кылуу важиб болгон бирок, жер шартына байланыштуу курбандык малын таба албай турган туугандар үчүн.
(Бул курбандык маселелери Фатава Хиндия,Фатава Шаами, Бадаайи деген фатава китептеринен алынды.)
КМДБнын фатва бөлүмү
Даярдаган: Акжигит Кокоев