Ашура күнүнүн мааниси

Хижра жыл санагы боюнча мухаррам айынын онунчу күнү «Ашура күнү» деп аталат. Кутман сахабалардын бири Ибн Аббас (Аллах ага ыраазы болсун) минтип риваят кылган: «Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Мединага журт которуп келген кезинде жөөттөрдүн ашура күнү орозо кармашарына күбө болот. Алардан эмне себептен орозо кармашарын сураганда, алар: «Бул улуу күндөрдөн болуп эсептелет. Бул Жараткан Аллах Исраил урпактарын (жөөттөрдү) өз душмандарынан куткарган жана ошол себептен Муса (алейхи салам) орозо кармаган күн», – деп жооп беришет. Ошондо сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): “Мен Мусага (алейхи салам) силерден да жакыныраакмын», – деп айтты. Ошентип, өзү да ал күнү орозо кармап, мусулмандарга да орозо кармоону сунуш кылды» (Бухари, Савм, 69).

Жахилият (түркөйлүк) доорунда арабдардын ашура күнү орозо кармашкандагы жана рамазан айындагы орозо кармоо фарз кылынгандан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ашура күнү орозо кармай баштагандыгы тууралуу да риваяттар бар (Муслим, Савм, 116).

Ашура орозосу мухаррам айынын 9 жана 10-күндөрү (15-16-илюь) же 10 жана 11-күндөрү (17-18-июль) кармалат.

Жылсанак боюнча 16 июль – шейшемби күнү Мухаррам айынын 10 күнү – Ашура күнү.

«Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): “Ашура күнүнүн орозосу – Алладан үмүт кыламын – бир жыл алдыңкы күнөөлөргө каффарат болот”, –деген (Имам Муслим риваяты).

Даярдаган: Авлиёев Фуркат, Баткен облустук казыятынын пресс-катчысы